Редакцияот 28.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 28-мартындагы № 1

 

Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө

 

Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын

Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын он алтынчы сессиясы токтом кылат:

 

1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен 1802779 сом акча каражатынын калгандыгы эске алынсын.

 

2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен калган 1802779 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.

 

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 30000 сом бөлүнсүн.

Анын ичинен:

-Айылдык кеңештин төрагасына өткөн сессиялары үчүн компенсация 30000 сом;

Айыл өкмөтүнө караштуу ТЖК бөлүмүнө 475900 сом бөлүнсүн.

Анын ичинен:

- Электрик бир адам айына 12000 сомдон бир жылга 144000 сом;

- Айылдагы таштандыларды чыгаруу үчүн бир адам айына 10000 сом бир жылга 120000сом;

-Архив ишин алып баргандыгы үчүн бир айга 4000 сом бир жылга 48000 сом.

Жалпысы эмгек акыга 312000 сом;

- Социалдык фондго чегерүүгө 53900 сом;

-Айыл аймагына караштуу жер аянттарын Пулкова (СК-42) системасында координаттык чектерин аныктап берүү үчүн 50000 сом;

-Айыл аймагына караштуу жер аянттарына археологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн 10000 сом;

-“Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн ишке киргизүүнүн алкагында бак-дарактардын көчөттөрүн алуу үчүн 50000 сом;

 

3. Калган 1 296 879 сом акча каражатын бөлүштүрүү жагы кийинки сессияга калтырылсын.

 

4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бакай-Ата финансы башкармалыгына сунуш кылынсын.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кенешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Т.Койчубаев