МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-мартындагы № 3
Каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОго өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-апрелиндеги № 1 токтому менен бекитилген “Каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын он алтынчы сессиясы токтом кылат:
1. 2022-жылдын 19-апрелиндеги № 1 токтому менен бекитилген “Каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОго өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
2. Аталган Жобонун V главасынын 12-пунктунда “Маркумду акыркы сапарга узатуу катышуучулардын санын чектөөсүз жана ири мүйүздүү мал жана жылкы союусуз өткөрүлөт” деген жазуулар “Маркумду акыркы сапарга узатууда катышуучулардын санына чектөө коюлбайт жана майда жандык, ири мүйүздүү мал, ошондой эле жылкы союусуз өткөрүлөт” деп толукталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакеевага
Төрага |
| Т.Койчубаев |