МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-мартындагы № 5
2022-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип
чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен каралган акча каражатын статьядан
статьяга жылдыруу жөнүндө
2022-жылдын атайын каражаттын чыгашадан ашкан кирешенин билим берүү бөлүгүндө каралган акча каражатын статьядан статьяга жылдыруу жөнүндө маселени карап чыгып талкуулап Миң-Булак айылдык Кеңешинин VIII чакырылышындагы 16-сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүм башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.Жумабаеванын аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. 2022-жылдын атайын каражаттын чыгашадан ашкан кирешенин билим берүү бөлүмүнүн 2215 (дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу) статьясында каралган 30969 (отуз миң тогуз жүз алтымыш тогуз) сом акча каражаты ушул эле бөлүмдүн 2212 (байланыш көрсөтүү) статьясына 16520 (он алты миң беш жүз жыйырма) сом, калган 14449 сом акча каражаты 2222 (учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды алуу) статьясына жылдырылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.Койчубаев |