Редакцияот 04.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 10-отуруму

2024-жылдын 25-январы № 10/4

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт акысынын баасын бекитүү жана жерлерин сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө

Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын регламентинин нег”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8- беренесинин негизинде, ошондой эле Жайыт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4- беренесине ылайык жана элдик чогулуштардын протоколунун негизинде Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 10- отуруму жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кабылан-Кел айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.

2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин:

2024- жылга жайыт пайдалануу учун акы төлөөнүн өлчөмдөрү :

Ири мүйүздүү малдар - бир баш үчүн 50 сом

кой - эчкилер - бир баш үчүн 10 сом 

жылкылар - бир баш үчүн 50сом

сырттан келген ири муйуздуу малдарга

жайкы сезон учун - бир баш малга 1000 сом

сырттан келген кой - эчкилерге - бир баш үчүн 200 сом

З.2024-жылга аткарылуучу план 120 000 (жүз жыйырма мин) сомго бекитилсин.

4.Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдаланулуучу жайыт участоктору учун жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жайыттын инфраструктурасын жакшыртууга багыттоо милдети жүктөлсүн.

5.Бул токтом жарыяланган учурдан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

6.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Азимжановго көзөмөлдөө жагы жана жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кабылан-Көл айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

З.Абдыкадырова