КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясынын (VI-чакырылыш) жыйналышынын
2021-жылдын 5-апрели № 28/1
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кочкор айылынын жаңы чектеги аты жок көчөгө ат кою бойунча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008- жылдын 19 – августундагы № 467 сандуу «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомостволор аралык комиссия жөнүндө» токтомунун талаптарына ылайык Кара – Кочкор айылдык округунун Кеңешинин кезектеги жыйырма сегизинчи (VI- шайланган ) жыйналышы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кочкор айылынын жаңы чектеги аты жок көчөдө жашаган жашоочуларынын 13. 12. 2020-жылдагы №1 токтому бекитилсин.
2. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кочкор айылынын жаңы чектеги аты жок көчөгө Кара-Кочкор айылынын тургуну маркум Жусупов Айбек Закиркуловичтин ысымы ыйгарылсын.
3. Аты аталган көчөгө электр мамычаларын, суу өтүүчү түтүкчөлөрүн койуп берүү жана жолун оңдоп түзөө иштери Жусупов Айбек Закиркуловичтин атасы Жусупов Закиркулга жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин төрагасы: | Э. Жакеев. |