ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
2023-жылдын 31-мартындагы № 1
Көчөнүн атын өзгөртүп Жаңыбай уулу Тилектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы, Кыргызстан айылынын тургуну, Тажик-Баткен коогалаңында каза болгон Жаңыбай уулу Тилектин ысымын түбөлүккө калтыруу максатындагы каралган маселелерди талкуулап, тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айылындагы Жаркын Эшенкулова көчөсүндөгү Тойчубек уулу Жанадил атындагы мектептен кийинки күн чыгыш тарапты көздөй кеткен биринчи Советбек көчөсүнүн аты, Жаңыбай уулу Тилек атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.
2. Жаңыбай уулу Тилек көчөсүнө жанаша жайгашкан кийинки көчө Советбек көчөсү деп аталсын.
3. Көчөлөрдүн атынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу бардык документтерин райондук кадастр мекемеси менен биргеликте тактоо жана көрнөктөрдү жазып илүү айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Төрага |
| Б.Мотуев |