ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
2023-жылдын 31-мартындагы № 2
Жаңы көчөгө ат коюу жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы, Кыргызстан айылынын тургуну Жампиев Өскөнбайдын ысымын калтыруу максатындагы каралган маселелерди талкуулап, тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айылынын Сейитказы көчөсү менен Манас көчөсүнүн ортосунун этек жагындагы тилинген огороддор көчө болуп ачылсын жана ошол көчө Жампиев Өскөнбай атындагы көчөсү болуп аталсын.
2. Көчөнү ачуу мурда картада белгиленген тартипте жүргүзүлсүн жана бардык иш аракеттер мыйзам чегинде жүргүзүлсүн.
3. Аталган көчөнү карта менен ачууда, райондук кадастр, архитектура бөлүмдөрү менен биргеликте иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| Б.Мотуев |