Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы

 

2023-жылдын 31-мартындагы № 3

 

Токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы Кыргызстан айылынын тургуну, 2022-жылдын 16-17-сентябрында баатырларча курман болгон Жаңыбай уулу Тилектин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында каралган маселелерди талкуулап, тактап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Оро айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы № 7 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

 

2. Оро айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигинин айланасындагы аллеяга 2022-жылдын 16-17-сентябрында болгон Баткен коогалаңында баатырларча курман болгон жердешибиз Жаңыбай уулу Тилектин ысымы ыйгарылсын.

 

2. Жогоруда аталган аллеяга зооттолгон жараксыз эски оор техниканы көргөзмө катары ылайыкталган аянтчасына алып келип коюуга макулдук берилсин.

 

3. Жаңыбай уулу Тилектин ысымын жазып илүү, зооттолгон жараксыз оор техниканы алып келип коюуда документтерин бүтүрүп жөнөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Б.Мотуев