Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы

 

2023-жылдын 31-мартындагы № 4

 

Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө

 

Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы, айыл аймагына тазалыкты сактоо жана санитардык абалды жакшыртуу максатында айыл аймагынын жашоочуларынын 11.02.2023-ж. болуп өткөн жалпы жыйынындагы чечимине ылайык каралган маселелерди талкуулап, тактап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл аймагында тазалыкты сактоо жана санитардык абалды жакшыртуу багытында айыл өкмөтү тиешелүү чараларды өткөрсүн.

 

2. Таштандыларды таштоочу жай куруу максатында долбоор жазылып иш жүзүнө ашыруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салым 90 000 (токсон миң) сом болуп белгиленсин жана жогорудагы акча каражатты накталай түрүндө айыл өкмөтүнөн 3111 статьясынан 2023-жылдын бюджетинин эсебинен кароо жагы сунушталсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Б.Мотуев