ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
2023-жылдын 31-мартындагы № 5
Автоунааны жараксыз деп табуу жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы, Оро айыл өкмөтүнө 2005-жылы келген кызматтык автоунааны жараксыз деп табуу жөнүндөгү каралган маселелерди талкуулап, тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл өкмөтүнө 2005-жылы мамлекет тарабынан берилген ВАЗ -07 кызматтык автоунаасы эскилиги жетип, пайдалануу мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жараксыз деп табылсын.
2. Жогорудагы аталган кызматтык автоунаа жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу документтери даярдалып, аукцион аркылуу сатылсын.
Төрага |
| Б.Мотуев |