ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 13-мартындагы № 9
Ижаралык шартта мөөнөтүн узартуу жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы, Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевдин ОсОО “Терра Компани” тууралуу сунушу боюнча каралган маселелерди талкуулап, тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылынын Жаркын Эшенкулова көчөсүндөгү калктуу конуш жер аянтынан “Терра Компани” ЖЧКна бөлүнүп берилген 0,01га жер аянтынын ижаралык мөөнөтүн узартып берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер аянтынын ижаралык шартта мөөнөтүн узартууда эки тараптуу келишимде мөөнөттөрү жана ижара акысы так көрсөтүлсүн жана ижара мөөнөтү үч жылдан ашпоосу белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мотуев |