Редакцияот 24.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин бешинчи кезексиз сессиясынын (VII-чакырылыш) жыйналышынын

 

 

2021-жылдын 24-июлу  № 5/1

 

Кара–Кочкор айылдык Кеңешинин XIX сессиясынын V-чакырылышынын 2014-жылжын 16-апрелиндеги №9/4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара–Кочкор айылдык Кеңешинин XIX сессиясынын V-чакырылышынын 2014-жылжын 16-апрелиндеги №9/4 Кара–Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү, жер аянтын которуу (трансформациялоо) боюнча токтомго өзгөртүү киргизилип төмөндөгүдөй болуп окулсун Кара-Кочкор айылынын “Кашкулак ийин” участкасынан № 314-15,8 га, №318-22,7 га, № 322-1,50 га инвентардык контурдагы жалпы аянты 40,0 га мелиоративдик даярдыктагы жер аянты, Сары-Булак айылынын “Боксо” участкасынан № 89-10,5 га, №91-3,60 га, №97-0,90 га инвентардык контурдагы 15,0 га кайрак айдоо жер аянты, Ак-Кыя айылынын “Арпа-Тектир” участкасынан №58-15,0 га инвентардык контурдагы кайрак айдоо жер аянты, бардыгы кайра бөлүштүрүү фондусунда, мамлекеттик менчиктеги 70,0 га жер аянтарын которуу (тарансформациялоо) боюнча Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн сунушу бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

 

 

Кара-Кочкор айылдык

округдук Кенешинин төрагасы

С. Бөрүбаев