Редакцияот 04.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 11-отуруму

2024-жылдын 14-февралы № 11/1

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кабылан-Көл балдар бакчасынын балдар ойноочу бөлмөсүнүн профилин өзгөртүп ашкана кылуу жөнүндө

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кабылан-Көл балдар бакчасьнын балдар ойноочу бөлмөсүнүн профилин өзгөртүп ашкана кылуу үчүн Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 6-чакырылышнын 11-отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кабылан-Көл балдар бакчасынын балдар ойноочу бөлмөсүнүн профилин өзгөртүп ашкана кылуу үчүн көлөмү аныкталсын.

2.Кабылан-Көл балдар бакчасынын балдар ойноочу бөлмөсүнүн профилин өзгөртүп ашкана кылууда керектелүүчү эмеректерин сатып алуу үчүн Алай райондук өнүктүрүү фондунан 662,886 миң сом акча каражаты суралсын.

3.Кабылан-Көл балдар бакчасынын ашканасына керектелүүчү эмеректерин сатып алууга жана монтаждоо үчүн сметасын эсептеп берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.

4.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Азимжановго көзөмөлдөө жагы жана жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кабылан-Көл айылдык

Кеӊешинин төрайымы:

 

З.Абдыкадырова