Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 31.05.2024-ж. № 13-94 буйругуна тиркеме
Кучтук трансформатор.
Ташуу, түшүрүү, сактоо, орнотуу жана ишке киргизүү
Бишкек – 2024
Кыскартуулар жана терминдер
Кыскартуу | Аталыштар |
АЧ | Электр өткөргүчтүнаба чубалгысы |
АБЧ | Аба байланыш чубалгысы |
К | Кельвин(Температура бирдиги) |
КЭБЧ | Кабелдик электр берүү чубалгысы |
ЖОКЧ | Жыйнактуу оодаргычтын көмөкчордону |
СЧЧ | Сызыктуу эмес чыңалууну чектөөчү |
ДӨК | Дүүлүктүрбөстөн бутактамаларды өчүрүп күйгүзүү |
ТКЭ | Коопсуздук ыкмаларынын эрежелери |
ТИЭ | Электр чордонун жана тармактарын техникалык иштетип пайдалануу эрежелери |
ЖОД | Жумуш жүрүргүзүү долбоору |
ЖИК | Жетектөөчү иш кагаз |
БП | Бөлүштүрүүчү жайы |
ЖАЖС | Жүктөлүш астында жөнгө салуу |
ЭТР | Райондук электр тармактары |
ТКЧ | Трансформатордук көмөк чордон |
Киришүү
Бул колдонмо иш кагазы 35- 110-500 кВ жалпы багыттагы чыңалуу класстарындагы майлуу күчтүк трансформаторлоруна, автотрансформаторлоруна жана реакторлоруна (мындан ары - трансформатор) тиешелүү жана орнотуу аянтына ташуу, жүк түшүрүү, сактоо боюнча технологиялык иш аракеттерди аткаруунун негизги эрежелерин белгилейт , трансформаторлорду орнотуу жана ишке киргизип пайдалануу.
Иштерди жүргүзүүдө кошумча жетекчиликке алынууга тийиш болгон ар бир трансформатор менен кошо берилүүчү иштетип пайдалануу боюнча иш кагаздардын тизмектемеси:
Иштетип пайдалануу боюнча колдонмо (ИК)
Трансформатордун кубөнаамасы (ТК).
Жыйнактоочу буюмдардын кубөнаамалары (ЖК)
Орнотуу үчүн тетиктердин, түйүндөрдүн жана материалдардын тизмелери(ОТ).
Өлчөмдүү чийме (ӨЧ).
Электр түзмөгү (ЭТ).
Электр жердеткич түзмогү (Э8).
Электр байланышынын түзмогү (Э4)
Чечилген тетиктер учун чогултулган түзмөк(ЧТ).
Орнотуу чийме (ОЧ) 1.
1-бөлук. Жалпы жоболор
1. Нускама негизги техникалык талаптарды, ошондой эле трансформаторлордуташуу, түшүрүү, сактоо, орнотуу жана ишке киргизүү боюнча негизги технологиялык иш аракеттерди аткаруунун технологиясын белгилейт.
Трансформаторлорго кошумча жана атайын талаптар,конструктордук өзгөчөлүктөргө ээ болгон иштетип пайдаланууда берилетбелгилүү бир трансформатор үчүн иш кагаздар.
Ар бир трансформатор менен камсыз болгон иштетип пайдаланууиш кагаздардын тизмеси Кардардын талаптарынын негизинде аныкталат жана жеткирүү келишиминин талаптарына ылайык өзгөрүшү мүмкүн.
Кээ бир иш кагаздардын аталышында түрүн жана аталышын өзгөртпөстөн, редакциялык айырмачылыктар болушу мүмкүн.
2. Эгерде жеткирүү келишиминде орнотуу боюнча техникалык жетекчилик (орнотууну көзөмөлдөө) каралса, анда башкы инженердин чакыруусу орнотуу иштери башталганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен орнотуу үчүн даяр экендигин тастыктоо менен бир убакта даярдоочуга жөнөтүлөт.
3. Трансформаторлордуташуу, түшүрүү, сактоо, орнотуу жана ишке киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө аларды ишке ашыруунун сапатын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө боюнча атайын уюштуруу талаптарын аткаруу зарыл.Иш колдонуудагы стандарттарга ылайык түзүлгөн иш долбооруна так ылайык, мындай иштерди аткарууда тажрыйбасы бар адистердин квалификациялуу тобу тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
Трансформаторлорду орнотуу боюнча жумуштардын мезгилинде орнотуучу уюмдан жооптуу адамы орнотуу журналын жүргүзүүгө милдеттүү, анда ал трансформаторду даярдоо жана орнотуу боюнча аткарылган бардык иш аракеттердин натыйжаларын белгилеши керек. Журналда иштетип пайдалануу иш кагаздарда же иш планында көрсөтүлгөн жашыруун иштерди, ошондой эле айрым маанилүү иш аракеттерди аткаруу үчүн аткаруучулардын кол тамгалары камтылууга тийиш. Орнотуу аяктагандан кийин журнал иштетүүчү уюмга өткөрүлүп берилет.
4.Даярдоочу заводдун Шеф-инженери заказчынын подряддык уюмдарынын аткаруучу иш кагаздарын (сыноонун жана өлчөөнун протоколдорду жана актыларды) өз убагында өткөрүп берүүсүн көзөмөлдөйт, ошондой эле ушул жетектөөчү иш кагазда айтылган:
-Орнотуу программасы же иштин план-графиги;
- Орнотуу алдында трансформаторду жана бирдиктерин кароо актысы;
- Орнотуу, өлчөө жана кошууга даярдоо актысы; ошондой эле аралык иштердин протоколдору жана актылары (жыйнактоочу буюмдарды орнотуу ийкемдүү кабыкты текшерүү, активдүү бөлүгүн текшерүү жана кургатуу ж.б.).Трансформаторлорду орнотууда (шефмонтажга) техникалык жетекчилик кылган даярдоочу-заводдун Шеф-инженери орнотууну жана жөндөөнү аткарган тапшырыкчынын подряддык уюмдарынан жумуштарды аткарууга укугун ырастаган иш кагаздарды, ошондой эле ушул жетектөөчү иш кагаздын(ЖИК) 2-тиркемесине ылайык күбөлөндүрүлгөн технологиялык жабдуулардын тизмесин талап кылууга укуктуу.
5. Эгерде ташуу, түшүрүү, сактоо, орнотуу жана ишке киргизүү учурунда ушул жетектөөчү иш кагаздын(ЖИК) талаптарын аткарууда кыйынчылыктар пайда болсо, Кардар трансформаторду өндүрүүчүгө кайрылуусу керек.
6. Орнотуу иш жүрүшүндө буюмдун сапатындагы дал келбестик аныкталса, өндүрүүчүгө тиешелүү сүрөттөрү менен толук маалыматты жөнөтүш керек. Маалымат камтышы керек: чийме номери, теги боюнча маалымат, маселенин сүрөттөлүшү ж.б.
7. Орнотуу жана жөндөө иштерин ушул ЖИКтин талаптарын сактабай жүргүзүү, ошондой эле орнотууда бузулган технологиялык жабдууларды пайдалануу трансформаторлордун иштетип пайдалануу ишенимдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет жана аларды кайра өндүрүүчүнүн трансформаторго кепилдигин алып коюуга себеп болушу мүмкүн.
2-бөлүм. Коопсуздук көрсөтмөлөрү
8. Бул бөлүмдө келтирилген көрсөтмөлөр толук эмес, бирок коопсуздуктун жалпы эрежелерине жана нускамаларына, "Электр орнотмолорун иштетип пайдаланууда эмгекти коргоо эрежелерине",жергиликтүү көрсөтмөлөргө жана эрежелерге кошумча катары,трансформаторлорду орнотууга даярданууда, орнотуу, сыноо жана күйгүзүүго кызмат кылат.
9. Майсыз ташылган жана азот менен толтурулган трансформатордун челегине адам киргенге чейин азотту жок кылуу боюнча чараларды көрүү зарыл. Азотту жок кылуу төмөнкү ыкмалардын бири менен жүзөгө ашырылат:
1) азот толугу менен кысылып кеткенге чейин төмөнкү өчүрүүчү түзүлүш аркылуу трансформатордун челегине майды куюу менен (куюлуп жаткан май 1-тиркеменин талаптарына ылайык келиши керек);
2) трансформатордун челегинен 50,5 кПа (380 мм Hg) калдык басымга чейин эвакуациялоо, андан кийин кургатылган абаны чыгаруу же кургак силикагель менен толтурулган силикагель аба кургаткычтан өткөн аба. Силикагелдинсалмагы кеминде 5 кг болушу керек.
Бул ыкма транспорттук абалда жогоруда айтылган калдык басымга туруштук бере ала турган челектер үчүн колдонулат;
3) челекти кургак, таза аба менен үйлөө же үстүнкү жана астыңкы люктары ачык болгон табигый желдетүү аркылуу. Абада кычкылтектин эң кичине жол берилген көлөмдүк үлүшү 20%ты түзөт. Мында трансформатордун капталмасында нымдуулуктун болбошу үчүн 9-бөлүмгө ылайык басымды түшүрүү шарттары аткарылууга тийиш.
10.Трансформатордун челегинин ичиндеги жумуштарды аткарып жаткан адамдарга үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү зарыл.
11. Челеке берилген кургак аба менен трансформатордун жылчыктандырууда төмөнкү талаптар аткарылууга тийиш:
1) челектин ичинде жана ачык люкта жумуштарды аткарып жаткан адамдарды жетиштүү жылуу (чөйрөнүн температурасына жараша) жана таза коргоочу кийимдер менен камсыз кылууга;
2) адамдардын суткасына 2 сааттан ашык челектин ичинде калышына жол бербөө жана айына 20 саат.
12. Орнотуу боюнча иштерди аткаруу иштин жүрүшүндө ошондой эле колдонулуучу технологиялык жабдууларга нускамада келтирилген коопсуздук чараларынын көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алуу зарыл.
13. Орнотуу иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл буруу зарыл. Өрткө каршы иш-чаралар өрт коопсуздугу боюнча адистерди тартуу менен жалпы жана жергиликтүү эрежелерди жана нускамаларды эске алуу менен иштелип чыгышы керек.
Иш-чараларды иштеп чыгууда трансформаторлор өрт коркунучу бар жабдуулар экенин эстен чыгарбоо керек, анткени трансформатордун майы жана майланган капталмасы күйүүчү материал болуп саналат жана өрт коркунучу бар иштерди аткарууда (ширетүү, жылытуу, кургатуу) тутанышы мүмкүн.
Өрт коопсуздугу боюнча берилген көрсөтмөлөрдөн тышкары бир катар уюштуруу-техникалык чараларды аткаруу зарыл:
1) орнотуу аянтчасын өрттөн коргоо менен макулдашылган өрткө каршы иш-чараларга ылайык ишенимдүү телефон байланышы жана өрт өчүрүү каражаттары менен жабдуу;
2) өрт коопсуздугу үчүн жооптуу адамдарды дайындоо;
3) өрт коркунучу бар иштерди жүргүзүүгө өрттөн коргоо кызматынын жазуу жүзүндөгү уруксатын алууга жана өрт коркунучу бар иштерди жүргүзүүнүн бардык мезгилинде жана ширетүү иштери же ачык от менен иштөө аяктагандан кийин 2 сааттын ичинде өрт коопсуздугуна туруктуу байкоо жүргүзүүнү уюштуруу;
4) трансформатордун челегине май куюлгандан кийин гана майдын буусу күйүп кетпеши үчүн ширетүүчү жерден 200-250 мм жогору деңгээлге чейин ширетүү иштерин жүргүзүү.
Трансформатордо майдын агып кетишин токтотуу жана ширетүү иштеринин коопсуз өндүрүшүн камсыз кылуу үчүн боштукту түзүү керек.
14. Орнотуу иштерин жүргүзүү убагында трансформатордун челегин жерге туташтыруу керек .Трансформаторду май менен толтурууда же аны агызууда, трансформатордутрансформатордук майы менен жылытуу ыкмасы менен жылытууда жана трансформаторду термикалык диффузиялык ыкма менен кургатууда,трансформатордо электр дүрмөтү пайда болбош үчүн оромдордун чыгыштарын жерге туташтыруу зарыл.
15.Трансформаторлорду жылчыктандыруудан мурда, челектеги басымды атмосфералык басым менен теңдөө керек.
3-бөлүм.Трансформаторду ташуу жана ташуучудан кабыл алуу
16 . Ташуу ыкмасы трансформатордун габариттик өлчөмдөрүнө жана салмагына жараша даярдоочу завод тарабынан аныкталат. Ташуу учурундачечилгентрансформатордун курамдык бөлүктөрүнүн тизмеси, ошондой эле ташуу жана таңгактоо ыкмасы иштетип пайдалануу иш кагаздарда көрсөтүлөт.
17. Түздөн-түз түшүрүүчү жерге (темир жол станциясы, порт, орнотуу орду) келгенден кийин жеткирүү иш кагаздарына ылайык жүк ташуучу жерлерди карап чыгуу жана кабыл алуу керек.
18. Кабыл алууда төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл буруу зарыл:
1) трансформатордун платформага же транспортерге бекитилген абалы;
Трансформатордун челегиндеги жана транспортердун аянтындагы көзөмөлдөө белгилери дал келиши керек.
2) автоматтык толтурууну орнотуу менен ташылган трансформаторлордун челегиндеги ашыкча басымдын болушу;
3) челектин, тыгыздыкты жана бекиткич арматуранын абалы, көрсөтүлгөн пломбалардын бүтүндүгү;
Трансформатордун челегинде эч кандай оюк же башка бузулуулар болбошу керек; бардык тыгыздыктар жанабекитүүчү арматурадагы, тыгындардагы бардык пломбалар бүтүн болушу керек. Челекте жана конвейерде майдын агып кетүү белгилери болбошу керек.
4) Көрүнүп турган тышкы бузулуулардын жоктугуна карабастан, трансформатордосилкингенди эсептегич же урулууга таасир этүүчү индикатор бар болсо, ташуу учурунда трансформатор дуушар болгон таасирлерди талдоо ушул эсептегичке карата нускамага ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Эгер эсептегичтин көрсөткүчтөрүн аныктоо кыйын болсо, анда завод- өндүрүүчүгө кайрылуу керек. Анализдин натыйжалары боюнча, эгерде трансформаторго жол берилгенден ашкан күчтөрдүн таасири аныкталса, анын орнотууга жарактуулугун аныктоо үчүн трансформатордун абалына көзөмөл жүргүзүү боюнча зарыл чараларды завод-өндүрүүчү менен орнотууга жарай турганын макулдашат.
17. Жүк жайгашкан жерди кароо:
- механикалык бузулуу, сокку белгилеринин жоктугу;
- майдын агып кетишинин белгилеринин жоктугу;
- каралган пломбалардын болушу жана бүтүндүгү;
- өзүнчө ташылуучу агындын ичине салынган трансформаторлорунун, корпустарынын, муздатуу системасынын элементтеринин кириштеринин, кысымга алынышынын жоктугу.
Эгерде майдын агып кетиши аныкталса, атайын жабдуулардын нускамасынын талаптарына ылайык жылчыксыздоо жүргүзүлүшү керек.
Таңгакты уруксааты жок ачуунун белгилери табылган учурда ачылган жүк ордунда жеткирүүнүн жыйнакталуусун текшерүү керек.
Челектин жана жыйнакталган буюмдардын лак-сыр каптоосунун абалына карап көрүү көзөмөлдү жүргүзүү керек. Лак-сыр каптоо ченемдик иш кагаздардын талаптарына ылайык келбегендиги аныкталган учурда өндүрүүчү-заводдун өкүлүнө кайрылуу зарыл.
18. Трансформатордун челегинин жылчыксыздыгын текшерүү:
- орнотулган кеңейткич менен - кеңейткичтеги май деңгээлинин көрсөткүчү боюнча;
- кеңейткичи жок, майга толук толтурулбаган - басымдын айырмасынын болушу менен (челектин үстүнкү тыгындарынын бири бошогондо «ызылдаган» үн чыкканда);
- азот менен автоматтык түрдө май толтуруусуз же редуктору жана манометри бар баллондордун жардамы менен ташылгандарга трансформатордун челегинин ичиндеги ашыкча басымды белгиленген манометрлер боюнча текшерүү жүргүзүү зарыл. Челектеги ашыкча басым кеминде 10 кПа (0,1 кгс/см2) болушу керек. Автоматтык кубаттоочу жайда газ колдонулган учурда, орнотуу боюнча Нускаманы жетекчиликке алып, цилиндрлерди алмаштыруу керек.
Эгерде жылчыксыздандыруу бузулса, трансформатордун челегинде 25 кПа (0,25 кгс/мм2) ашыкча азоттун (же кургак абанын) басымы түзүлүшү керек:
- азотту цилиндрден же абадан компрессордун жардамы менен силикагельдик аба кургаткыч аркылуу же аба кургатуучу агрегаттын жардамы менен берүү жолу менен;
Эгерде 3 сааттан кийин трансформатордун челегинин сыртында эч кандай агып чыгуулар аныкталбаса же ашыкча басым 2 кПа ашпаса (туруктуу айлана-чөйрөнүн температурасында) трансформаторжылчыксыздандырылган деп эсептелет. Басым көбүрөөк төмөндөп кетсе, жылчыксыздандырууну калыбына келтирүүзарыл болот.
19. Кабыл алуунун натыйжалары боюнча трансформаторду жана анын тетиктерин ташууга катышкан Алуучунун жана Ташуучунун өкүлү кол койгон Акт түзүлүшү керек.
4-бөлүм. Трансформаторду орнотуучу жерге ташып жеткирүү жана түшүрүү
20. Эгерде трансформатор орнотула турган жерге түшүрүлбөсө, анда аянтчага ташуу ыкмасын тандоо, жүктөө, түшүрүү, ошондой эле бекитүүнү эсептөө, жергиликтүү шарттарды эске алуу менен заказчы тарабынан жүргүзүлөт. атайынтрансформатор үчүн иштетип пайдалануу иш кагаздарынын талаптары коюлат.
Трансформаторду бир жерге ташуу үчүн майды төгүү талап кылынса, майды төгүү жана андан кийин кайра толтуруу боюнча сунуштарды алуу үчүн завод-өндүрүүчүгө кайрылуу керек.
§ 1.Трансформаторду түшүрүү.
21.Трансформаторлорду түшүрүү кран жана тиешелүү көтөрүү жөндөмдүүлүгүндөгү салмоорлор менен жүргүзүлүүгө тийиш. Салмоолордун иле турган орундары жана түзмөктөр, иштетип пайдалануучу иш кагаздарда көрсөтүлгөн.
22. Трансформаторлорду шпалга түшүрүү , транспортердон тракторлор же лебедкалар менен полис пасталар аркылуу, же жүктөөнүн чиймесине ылайык темир устундар трансформатордун түбүнүн астына орнотулган( рельстер) боюнча гидротоктогучтар ыкмасы боюнча түшүрүүгө жол берилет. Чиймеде мындай көрсөткүчтөр жок болгон учурда трансформатордун түбүнүн катуулук устундарынын жанына темир устундарды(рельстерди) орнотуу керек. Орнотулуучу темир устундардын (рельстин) саны жана алардын бекемдиги түшүрүүдө трансформатордун сакталышын камсыз кылууга тийиш.
Трансформатордун унаага жүктөлүүчү салмак 60 тоннага чейин 2ден кем эмес устун, унаага жүктөлүүчү салмак 120 тга чейин - 4 устундан кем эмес, унаага жүктөлүүчү салмак 220 тга чейин - 4 устундан кем эмес, унаага жүктөлүүчү салмак 220 тдан көп болсо - 6 устундан кем эмес орнотуу зарыл.
23.Трансформаторду шпалдын капасына тартуу менен түшүрүүдө гидравликалык домкраттарды колдонуу менен көтөрүү керек.
Домкраттар түзүлүштө аныкталган жана трансформатордункөлөмдүк чиймесинде көрсөтүлгөн жерлерге орнотулушу керек.
Домкраттарды башка жерлерге орнотууга болбойт. Өйдө-ылдый түшүрүүнү кезектешип трансформатордун бирин, андан кийин экинчи тарабынан жасалат. Мында трансформатордун жантайышы 3% ашпоого тийиш.Трансформаторду бир убакта бардык тараптан домкрат менен көтөрүүгө тыюу салынат.
24. Муунактуу типтеги транспортерден трансформаторду түшүрүүдө ушул типтеги транспортерге жүктөө жана түшүрүү боюнча атайын нускаманы жетекчиликке алуу керек.
25. Муунактуу типтеги транспортерлордо ташылуучу трансформаторлорду түшүрүү, транспортерду тейлөөчү (коштоочу) ишкерсандын жетекчилиги астында жүргүзүлөт.
26. Трансформатор өзүнүн арабаларына же шпалдын капасына түшүрүлгөндө дароо орнотулушу мүмкүн. Трансформаторду өзүнүн арабаларына орнотуудан мурун, арабаларды жана роликтерди текшерип, роликтердин окторундагы майдын бар-жоктугун текшерип, керек болсо солидол менен майлоо керек.
Трансформаторду керектүү бийиктикке көтөргөндөн кийин, жалпы (же орнотуучу) чиймеге ылайык арабалар орнотулат.
27. Май толтурулган алгач, жүктөлүш астында жөнгө салуунун түзүлмөсү,камтылган трансформатордун агыны жана муздатуу тутумунун курамдык бөлүктөрүн түшүрүү, алардагы нускамаларга ылайык жүргүзүлүшү керек.
28. Түшүрүүдөгү жумуштар коопсуздуктун талаптарын жана трансформатордун жана курамдык бөлүктөрдүн сакталышын камсыз кылган чараларды сактоо менен жүргүзүлүшү керек.
5-бөлүм.Трансформаторду өзунун арабалары менен жылдыруу
29.Трансформаторду өздүк арабалар менен жылдырып жатканда аркандарды челектеги атайын ылайыкташтырылган түзүлүштөргө бекитип, электр лебедкасын же шкив блогу бар тракторду колдонуу менен жылдыруу керек.
Жылдыруу ылдамдыгы 8 м / мин ашык болбошу керек. Жылдырууну жылмакай, жулкубастан жасалат.
Трансформаторду өз арабаларында гидротүрткүчтордүн жардамы менен жылдырууга жол берилет.
30.Трансформаторлор жылдыруу жолдору долбоор боюнча жасалышы керек жана тапшырык ээси менен актынын негизинде кабыл алынат. Алар түз тегиздикте болуулары зарыл (жантаюуусу түз тегиздиктен, кыйшаюсу 1%тен ашпашы керек). Рельсалардын кошулушунун бири бирине каршы жана тик тегиздиктеги жылуусу – 1мм, түз тегиздиктеги 2мм ден ашпашы керек, рельсалардын кошулушундагы ачыктык – 5мм ден ашпашы керек, Пайдалануучу рельсалардын түрү Р-50ден кем эмес жана жылдыруу учурунда жүктүн алдында ийилүүсү 3мм ашпашы керек.
31. арабасы бар трансформаторлордун узунунан жана туурасынан кеткен окторун, ошондой эле 4 арабадан ашык трансформаторлордун туурасынан кеткен окторун бойлоп 2% га чейинки эңкейиш жолдору боюнча жылдырууга жол берилет.
32.Трансформатор өз арабаларында жылдырылганда, түртүү күчү 1кн (100кгс), жылдыруу күчү 0,6 кн (60кгс) болуш керек, трансформатордунсалмагы 1т болгондо.
Жылдырууда тартуу күчүнүн багыты трансформатордун жылышуу багыты менен дал келиши керек.
Арабаларды айландыруу үчүн айлануу багытын өзгөртүү зарыл болсо, трансформаторду гидравликалык домкраттарды колдонуу менен көтөрүү керек
Мында дөнгөлөктөрдүн чыгып турган кырлары өлчөмдүү же орнотуу чиймесинин көрсөтмөлөрүнө ылайык жайгаштырылышы керек.
6-бөлүм.Трансформаторлорду ташуудан кийинки абалын баалоо
33. Трансформатор орнотула турган (орнотуучу же сактоочу) жерге келгенден кийин 10 күндөн кечиктирбестен жабдуунун абалын алдын ала баалоо керек.
34. Трансформаторду ташуу убагында,трансформатордун челегине орнотулган титирөөлөрдү каттоочу же урма таасирлердин индикатору болгон учурда ташуунун жыйынтыгы боюнча, ташуучунун жана алуучунун өкүлдөрү тарабынан Акт түзүлөт, анда индикатордун көрсөткүчтөрүн жазуу зарыл. Индикатордун көрсөткүчтөрүн аныктоо боюнча кыйынчылыктар пайда болгон учурда даярдоочу заводго кайрылуу керек.
35. Жабдуулардын пломбаларынын бар жоктугун жана майдын агып кетпегенин, таңгактын бузулбаганын, таңгактарсыз ташылганжыйнактуу буюмдардынын корпустары бузулубаганын, тышкы текшерүүдөн өткөруш керек.
36. 18 пунктка ылайык трансформатордун челегин жылчыксыз экенин текшерүү керек.
37. Жол жүрүп келгенден кийин, каптаманын нымдуулугун текшерүү.
38. Кеңейтүүчү челек чечилбей, толтура май менен ташылгандатрансформаторлор үчүн төмөнкүлөрдү текшерүү керек:
1) трансформатордун челегинен жана ЖАЖС (РПН)дын тийим кошкуч түзүлмөсүнүн челегинен алынган майдын тешипөткөрүү чыңалуусун ;
2) трансформатордун челегинен 90°С температурадагы майдын диэлектрдик жоготуу бурчунун тангенси (мындан ары tgS);
3)трансформатордун челегинен жана ЖАЖСдын тийим кошкуч түзүлмөсүнүн челегинен алынган майдын нымдуулугу;
Мында трансформатордун челегиндегинен чыккан майдын мүнөздөмөлөрү 1-тиркемеге ылайык болушу керек, ал эми тийим кошкучтун челегинен алынган майдын нымдуулугу жана тешип өтүүчү чыңалуусу ЖАЖСнынтүзүлүшүнүн нускамасынын талаптарына жооп бериши керек.
39. Кеңейткичсиз челеги жок ташылган жана май менен толук толтурулбаган трансформаторлорүчүн төмөнкүлөрдү текшерүү керек:
1) трансформатордун челегиндеги майдын тешип өтүүчү чыналуусу 55кВдан төмөн болбошу керек;
2) трансформатордун челегинен чыккан 90°С температурадагы tgδ май 1-тиркеменин П1.1 таблицасынын талаптарына ылайык келиши керек;
3) трансформатордун челегиндеги майдын нымдуулугу 500 кВ трансформаторлор үчүн салмактан 0,0020% жана 110-220 кВ трансформаторлор үчүн салмактан 0,0025% ашпоого тийиш;
4) тийим кошкучтун челегиндеги майдын нымдуулугу жана тешип өтүү чыңалуусу ЖАЖСдын түзүлүшү үчүн нускамалардын талаптарына ылайык келиши керек.
40. Майсыз ташылган трансформаторлор үчүн төмөнкүлөр камсыз кылынууга тийиш:
1) калдык майдын тешип өтүүчү чыңалуусу 50 кВ кем эмес болууга тийиш;
2) май калдыктарынын tgδ көзөмөлгө алынбайт;
3) май калдыктарынын нымдуулугу 500 кВ трансформаторлор үчүн салмагы 0,0020% жана 110/220 кВ трансформаторлор үчүн салмагы 0,0025% ашпоого тийиш;
4) тийим кошкучтун челегиндеги майдын нымдуулугу жана тешип өтүүчү чыңалуусу жүктөлуш астында жөнгө салуу(ЖАЖС) түзүлүш үчүн нускамалардын талаптарына ылайык келиши керек.
41. 2500 вольттогу мегаомметр менен челеке карата иштиктүү бөлүгүнүн капталмасынын каршылыгын өлчөө (өлчөө терминалы бар болсо).Өлчөөнүн көрсөткүчү 2Мом дон кем эмес, активдүү болоттун каршылыгы 0,5 Мегаомдон кем болбошу керек, эгерде трансформатордун иштетип пайдалануучу иш кагаздарында башка көрсөтмөлөр жок болсо.
42. Текшерүүдө ченемден жана талаптардан четтөөлөр табылган учурда трансформаторду даярдоочуга билдирүү керек жана трансформатордун каптамасын начарлашынын себептерин жоюу жана орнотууну тездетүү боюнча чараларды көрүү керек.
43. Ташуудан кийин трансформатордун абалын текшерүү боюнча жүргүзүлгөн иштер акт менен таризделип, трансформаторду пайдаланууга киргизүү мүмкүндүгү маселесин чечүүдө эске алынышы керек.
7-бөлүм. Трансформаторду сактоо
44. Трансформатордунташыганга даярдалган абалдагы убактысын эң кыска мөөнөткө чейин кыскартуу керек жана аны заводдон жөнөтүлгөн күндөн тартып 4 айдан ашык сактоого жол бербөө үчүн чараларды көрүү зарыл (заводдон жөнөтүлгөн күнү унаада коштомо кагазда көрсөтүлгөн).
Сактоо убагындатрансформатордун челегинин 19-пунктуна ылайык жылчыксыздыгын көзөмөлдөө айына 1 жолудан кем эмес камсыз кылынышы керек.
Майсыз ташылган трансформаторлор үчүн челегинде ашыкча газ басымынын болушуна туруктуу көзөмөл орнотулсун.
Ашыкча басымды биринчи 10 күндүн ичинде жок дегенде күнүнө бир жолу, андан кийин айына бир жолу көзөмөлдоо керек. Автоматтык толтуруучу орнотмодо газ түгөнүп калса, баллондорду алмаштыруу керек, Орнотуу үчүн нускаманы жетекчиликке алыш керек.
45. Эгерде трансформатор келгенден кийин орнотуу иштери, өндүрүүчү заводдон жөнөтүлгөн күндөн тартып 4 айдан ашык кечиктирилсе, трансформаторду сактоо боюнча иштерди аткаруу зарыл.
46. Сактоонун алдында 19 пунктка ылайык трансформатордун челегинин жылчыксыздыгын текшерүү зарыл.
47. Сактоо үчүн төмөнкүлөр керек:.
1) кеңейткич челекти жана камтылган агын трансформаторлорду орнотуу.Үлбүрөк кабыкчалуу май коргоочусу бар(пленочная защита)трансформаторлорүчүн, коргоочунун нускамасынын негизинде, кеңейткич челеке ийкемдүү кабык(гибкая оболочка) орнотулат.
2) түтүктөрдү чогултуу, трансформатордун челегине, кеңейткич челекти жана которуучу түзүлүштөрдүн тийим кошкучтун челектери менен кошуу,аба кургаткычты жана силикагель көрсөткүчтү кеңейткич челеке кошуу;
3) трансформаторго толугу менен май менен толтуу керек.
Майы жок ташылган трансформатордун челегине май куюу алдында май калдыктарын төгүу керек. Май куюу трансформатордун челегинин түбүнөнабасыз жүргүзүлөт. Куюлуучу майдын параметрлери газдын камтылышы боюнча талаптардан тышкары, 1-тиркеменин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Трансформаторго май толтурулгандан кийин, майдын денгээли кеңейткич челектеги май көрсөткүчүнүн температуралык белгисине жана трансформатордун майынын температурасына туура келиш керек.
48. Сактоо учурунда айына бир жолу кеңейтүүчү челектеги майдын деңгээлин көзөмөлдөп туруу зарыл. Мезгил-мезгили менен жылына кеминде 2 жолу трансформаторлордун челектеринен майды тандоо жана параметрлерди (тешип өтүү чыңалуусу жана нымдуулук) текшерүү керек 1-тиркемеге ылайык.
49. Ташуучу жана таңгакталган жыйноочу агрегаттарды жана тетиктерди (жабдууларды, бекиткичтерди, резина буюмдарын) узак мөөнөткө сактоо бөлмөнүн ичинде полдун үстүндө же чатырдын астында жүргүзүлүшү керек. Өзүнчө жүктөрдү сактоо (алгачтар, муздатуу тутумдарынын элементтери ж.б.) алардагы нускамаларга ылайык жүргүзүлүшү керек.
50. Орнотуучу агрегаттарды жана тетиктерди консервациялоонун жана сактоонун натыйжалары боюнча консервациялоо актысы түзүлөт. Сактоо шарттары бузулса, орнотуу иштери башталганга чейин кошумча иштердин көлөмүн аныктоо жана аны аткаруу зарыл. Трансформаторду сактоо шарттары бузулган учурда 9-тиркеменин (1-пункт) талаптарына ылайык анын каптамасынын абалына жалпы баа берүү зарыл. Абалын баалоонун жыйынтыгы боюнча трансформатордун каптамасын кошумча иштетүүнүн зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынат.
8-бөлүм. Орнотууга даярдоо
§ 2 Таңгактан чыгаруу эрежелери жана толуктугун текшерүү тартиби.
51. Ташуу үчүн чечилгентрансформатордун тетиктеринин тизмеси трансформатордун иштетип пайдалануу иш кагаздарында (чечилгендердин тизмеси, таңгак баракчалары) көрсөтүлгөн.
Трансформатордун иштетип пайдалануу иш кагаздары жана таңгактоочу баракчалардын топтому Кардарга №1 орундагы чогултулган тетиктер менен жөнөтүлөт.
52.Курамдар, адатта, төмөнкүдөй ташылат:
-66 - 500 кВ алгачтары жана алардын курамдары – алгачтарды жасап чыгаруучу-заводтун таңгагында;
-ЖАЖСнын түзүлмөсу жанаагын трансформатордун- трансформатордун челегинде же каптаманын коопсуздугун камсыз кылуучу өз челектеринде, калканычтарында;
- чыңалуусу 35 кВ чейинки алгачтары,, электр кыймылдаткычтары жана соргучтары, алеттер, майда тетиктер жана камдык бөлүктөр чиймелерге ылайык белгиленген, - ящиктерге таңгакталган;
- кеңейткич челек, муздаткычтар, радиаторлор, адсорбциялык, термосифондук жана май тазалоочу чыпкалар, чечилген түтүктөр - текшерилген, ички беттери тазаланган жана жуулган, чиймелерге ылайык белгиленген, жылчыксыз абалда - кутуларга таңгакталган (коробкасыз жөнөтүүгө жол берилет);
- цилиндрлер, каптама менен капталган алгачтын экраны жана башкакаптамалуу тетиктер менен жабдылган жана майдын үлгүсүн алуучу жери бар, май менен толтурулган трансформатордун челегинде же өзүнчө челектерде ташылат;
- темир конструкциялар - ящиктерге таңгакталган (коробкасыз ташууга уруксат берилет).
53. Жукторду алгандан кийин таңгак бузулбаганын жана пломбалары бүтүн экендигин текшерет. Таңгак ленталарынын бузулуу белгилерин же кутучаны уруксатсыз ачуунун белгилерин текшериш керек. Таңгактын бузулгандыгы аныкталса, сүрөткө тартып, протокол түзүлот.
54. Коробкаларды ачуу жана тетиктерди орнотуучу уюмга өткөрүп берүү, орнотуу башталганга чейин завод-өндүрүүчүнүн өкүлүнүн катышуусунда (эгерде жеткирүү келишиминде техникалык орнотуу көзөмөлү каралса) бардык тетиктердин саны жана сапаты менен уюштурулууга тийиш.
Эгерде бекиткичтердин иш жүзүндөгү саны менен бирканын көрсөтүлгөндөрдүн ортосунда дал келбестик бар болсо, бул бирканы сүрөткө тартып же таңгактаган кишинин атын жана заводдун "ОТК" штампынын номерин (эгер бар болсо) жазыш керек.
Эгерде чогултуучу бөлүктөргө же айрым таңгактарга зыян келтирилсе, аларды сүрөткө тартыш керек.
Жүктөр келгенден кийин, ачып, текшерип, баардык туура келбестиктерди, бузулууларды эки күндон кечиктирбей завод- өндүрүүчүгө актынын негизинде жөнөтүш керек.
Баардык текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин Акт түзүлөт.
§ 3. Орнотуучу жерге коюлган талап.
55. Трансформаторүчүн орнотулган фундаментин көтөрүү күчү , арабалар менен ташып келгенге туура келиш керек (топтолгон жүктөр).
56. Орнотуу үчүн аянтча.
Аянтчанын көлөмү орнотууда баардык технологиялык жабдыктарды, которуучу механизмдер жана орнотула турган тетиктерди орнотуу үчүн,жерлерге кенен жана ынгайлуу жайгаштырыш керек.
Аянтчага орнотулуш керек:
- үзгүлтүксүз электр менен жабдууну камсыз кылуучу жана коммутациялоочу жабдуулардын жетиштүү көлөмүнө ээ болгон талап кылынган кубаттуулуктагы энергетикалык шкаф;
- май үчүн технологиялык идиштер;
- нөөмөтчү ишкерсан жана шаймандарды, алеттерди жана материалдарды сактоочу көчмө жайлар.
Аянтчага өрт өчүрүү жабдуулары, телефон жана түнкү убакта иштөө үчүн жетиштүү жарык менен жабдылышы керек.
57. Трансформаторду чогултулган жерден фундаментке орнотуу көпүрөсүнө чейин жылдыруу зарыл болсо, темир жолду даярдаш керек. Темир жол 30-пункттун талаптарына жооп бериши керек.
58. Трансформаторду орнотуу жана жөнгө салуу учурунда сыноону атайын даярдалган квалификациясы жогору жана тажрыйбасы бар бригаданы иштетиш керек.
59. Жумуштарды жүргүзүү үчүн 2-тиркемеге ылайык керектүү сертификатталган жабдууларды, алетерди, шаймандарды жана материалдарды даярдоо.
Технологиялык жабдуулар текшерүүдөн өтүшү керек, анын иштөө жөндөмдүүлүгү жана параметрлеринин ченемдик иш кагаздарга ылайык келиши текшерилүүгө тийиш.
Көзөмөлдөө-өлчөө аппаратында алардын кезектеги текшерүүдөн өткөндүгүн тастыктаган штамп же иш кагаздар болууга тийиш.
Аспаптар белгиленген жана аспаптардын кутучаларында болушу керек, бригаданын мүчөсунө(жумушчуга) берилет, андан кийин нөөмөт бүткөндөн кийин текшерип кайтарып алынат. Атайын жумушчу кийимдер темир топчу же бекиткичтер болбош керек. Чөнтөктөрдө темир буюмдар болбошу керек.
60. Орнотуу башталганга чейин орнотуу үчүн заводдун коштоочу иш кагазынын бир нускасын, трансформаторду ташуу, түшүрүү жана сактоо протоколдорун иштин өзгөчөлүктөрүн изилдөө үчүн орнотуу уюмуна (бригадага) бериш керек.
61. Орнотуу жумуштарынын көлөмүн жана кийинки иш жүргүзүүсүн аныктоо керек. Орнотуу иш планын түзүү зарыл.
§ 4. Техникалык талаптар жана орнотууга даярдоо учурундагы текшерүүнүн эрежелери.
62 . Каптаманын абалын баалоо.
9-тиркемеге ылайык каптаманын абалына баа берүү жүргүзүлсүн. Орнотуу иштерин жүргүзүүдө кошкуч орнотмонун түтүк өткөргүчтөрүн орноткондон кийин,ЖАЖСтын тийим кошкучунун челегинен май үлгүсүн алууга жана изилдөөгө жол берилет.
Сактоо шарттары бузулган жана май үлгүлөрүн изилдөөнүн канааттандырарлык эмес натыйжалары болгон учурда, ошондой эле катуу каптаманын нымдуулугун трансформатордун челегин ачпастан ишке ашырылган башка аспаптык ыкмалар менен өлчөөгө жол берилет.
Алынган натыйжаларды протоколдо (актыда) жыйынтыкталат.
63. Активтуу бөлүктун абалын баалоо.
Эгерде ташуу же түшүрүү учурунда тартип бузуулар болсо, челектин ичиндеги активдүү бөлүгүн текшерүү, же 4-тиркемеге ылайык көлөм жана ырааттуулук боюнча челектин үстүнкү бөлүгүн (же активдүү бөлүгүн) көтөрүү менен текшерүү жүргүзүлөт.
64. Тиешелүү нускамаларды аткаруу менен ич-ара орнотулган агын трансформаторлор (встроенный трансформатор тока), адсорбциялык жана термосифондук чыпкаларды, майда май чыпкаларын, кошкуч орнотмолорду, муздатуу тутумун, газ жана чубуртмалык релелерди, өчүрүүчү клапанды, стрелкасы бар май көрсөткүчтөрүн, коопсуздук клапандары даярдаш керек.
65. Эгерде текшерүүнүн жыйынтыгында таңгактын бузулгандыгы жана (же) алгачтардын механикалык бузулгандыгы аныкталса, 6-35 кВ алынуучу алгачтарды 3-тиркемеге ылайык сыноодон өткөрүш керек. Эгерде сын пикирлер жок болсо, алгачтарды сыноо талап кылынбайт.
66. 110-500 кВ алгачтарды даярдоо, алар боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү аткаруу. Алгачтарды завод- чыгаруучунун көрсөтмөлөрүнүн талаптарына ылайык жогорку вольттогу алгачтардын капталманын мүнөздөмөлөрүн (Rив, tgδ жана C) өлчөө.
67. Кеңейткич челек жана газ чыгаруучу түтүктөр. Эгерде ташуу жана сактоо учурунда алардын жылчыктыздыктары бузулса, төмөнкүлөр керек:
- кеңейткич челекти жылчыксыздандыруу, абанын же азоттун 20кПа(0,2 кгс/см2) басымын түзүш керек, самындын эритмеси менен жылчыксыздыкты текшерүү жана ички көңдөйдүтрансформатордук май менен чайкоо керек.
- газ чыгаруучу түтүктөрдүн ички көңдөйүн тазалоо, трансформатордун майы менен чайкоо жана түтүктөрдү 300 кПа (3 кгс/см2) басымда 30 мүнөттү ичинде сынап көрүү.
Майдын температурасы сыноодо жана чайкоодо 293К (20С) кем болбойт, ал эми тешип өтүүчү чыналуу 55кВ аз болбош керек.
Кеңейткич челеке тиешелуу чиймелердин жана нускаманын негизинде май көрсөткүчтү жана өүрүүчү клапанды орнотуу керек.
Үлбүрөк кабыкчалуу май коргоочусу бар трансформаторлорүчүн ийкемдүү кабыкчасы бар кеңейткич челектин нускаманын жетекчилигинде аткарат.
§ 5. Цилиндирлер, алгачтын экраны, май.
68. .Аалгачтын цилиндирин даярдоо, алгачтын экраны жана бөлөк каптаманын тетиктери, эгерде алар өзүнчө челектин ичинде ташылып келсе.Цилиндрлер жана каптамалык тетиктер ташылган майды текшерүү керек. Майдын тешип чыгуучу чыңалуусу 55 кВ дан төмөн эмес, нымдуулугу 20 г/т жогору болууга тийиш.
Эгерде май өзүнүн чегине туура келбесе, анда каптама бөлүктөрдү жана тетиктерди 95-100 С температурада 120 сааттын ичинде кургатыш керек, же калдык басым 665-1330Па (5-10 мм рт.ст.) болгондо 60саатта кургатылат.
69. 2500 В чыңалуу үчүн мегаомметр менен челеке салыштырмалуу активдүү бөлүктүн каптамалык каршылыгын өлчөө керек (эгерде өлчөөчү өткөргүчтөр бар болсо). Уюл кошкучтун тирөөчтөрү каптамалык каршылыгынын өлчөнгөн маанилери кеминде 2 МОм болушу керек жана эгерде трансформатордун иштетип пайдаланылган иш кагаздарда башка көрсөтмөлөр жок болсо, активдүү болоттун каршылыгы 0,5 МОм кем эмес болушу керек.
70.Трансформаторго толтура май куюш учун, керектүүөлчөмдө майды даярдаш керек, андан тышкары технологиялык керектөөлөрүчүн кошумча -5% куюлуп жаткан май көлөмүндө керектелет.1-тиркемеге ылайык майга карата талаптар.
9-бөлүм. Орнотуу.
71. Куралган бөлүктөрдү орнотуу чиймелердин жана нускамалардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. Куралган бөлүктөрдү орнотууда, чогултуу учурунда "тартылууга" жол берилбейт.
Орнотуу белгилөө жолу менен жасалат. Баардык түтүк бутакчаларды жана компенсаторлорду орноткондон кийин, бекиткичтерди катуу тартыш керек. Орнотуу учурунда колдонулган резина тыгыздагыч механикалык бузулуу, жарылуу жана кат кат болуп бөлүнбөш керек.
Туташтыргычты тыгыздоо учурунда бекиткичтер бүт жээк узундугу боюнча бир калыпта «кайчылаш» тартылышы керек.Резина тыгыздагыч , анын калыңдыгынын 0,7ине чейин кысылганда, катуу бекитуу жетиштүү деп эсептелет.
Эгерде резина тыгыздагыч оюкка орнотулган болсо, анда бекемдөө туташтырылуучу беттер толук тийгенге чейин жүргүзүлөт.
§ 6. Активдүү бөлүгүн жылчыктандырууну талап кылбаган куралган бөлүктөрдү орнотуу.
72. Куралган бөлүктөрдү орнотуу (кеңейтүүчү, газ реле, өчүрүүчү клапан, көзөмолдөө жана күчтүк кабелдери, манометриялык термометрлер ж.б.) жылчыктандырууга чейин жана андан кийин жүргүзүлүшү мүмкүн.
73. Муздатуу тутумунтрансформатордун жылчыкдандыруусуна карабастан орнотууга болот. Орнотуу боюнча көрсөтмө , муздатуу тутумунун нускамасында көрсөтүлгөн.
74. Үлбүрөк кабыкчалуу май көргөөчуусу бар трансформаторлор үчүн кеңейткичти трансформаторго орнотуудан мурун ийкемдүү кабыкчаны орнотот жана абаны чыгарат, ийкемдүү кабыкчасы бар кеңейткичтин иштетип пайдалануу иш кагазын жетекчиликке алуу менен иш жүргүзүлөт.
75. Майдын жана оромдун температурасынын индикаторлору орнотулган уяча же манометриялык термометрдик датчиктер трансформатордун майы менен толтурулууга тийиш.
§ 7. Активдүү бөлүгүн жылчыктандырууну талап кылган ,куралган бөлүктөрдү орнотуу.
76. Жылчыктандыруунун башталышы ар кандай тыгындын ачылышы, айлана-чөйрөдөгү аба трансформатордун челегине кирүү мүмкүнчүлүгүно жол берүү , ал эми аягы челекти жылчыксыздандырууболуп саналат.
77. Трансформатордун жылчыктандыруу абалында турган убактысын кыскартуу үчүн орнотуучу ишкерсандын үзгүлтүксүз ишин уюштуруу зарыл.
78. Челектин ичиндеги иштер квалификациялуу адистер тарабынан жүргүзүлүшү керек. Кийген кийимдери таза, темир бекиткичтери болбошу керек. Эгерде чөнтөктөру бар болсо, аларда бөтөн нерселерден тазалоо, сааттарды, шакектерди ж.б. алып салуу керек.Иштеп жатканда жөнгө салынуучу ачкычтарды колдонбоңуз. Иштеп жатканда каптама тетиктерди басууга болбойт. Бекитүүчү элементтердин, шаймандардын жана ыкташтырмалардын саны жумуш аяктаганга чейин жана бүткөндөн кийин эсептелүүгө жана текшерилиши керек.
79. Жылчыктандыруу учурунда трансформатордун активдүү бөлүгүн нымдуулуктан коргоо үчүн атайын чараларды көрүү зарыл. Жылчыктандыруу учурунда каптаманы нымдан коргоо учун 7 жана 8-тиркемелердин талаптарына ылайык трансформатордун челегине кургатылган абаны берүү жолу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
80. Активдүү бөлүгүнүн каптамасы толтура май менен жабылган трансформатордун, майдын үстүндөгү мейкиндикти жылчыктандыруу кургак аба менен үйлөтпөстөн 20сааттан ашык эмес убакытка жол берилет, 85% дан жогору эмес абанын салыштырмалуу нымдуулугунда.
Челеке кургак абаны 8-тиркемеге ылайык бергенде трансформаторлор үчүн жылчыктандырууну төмөндөтүүнүн жалпы убактысы 100 саатка чейин, ал эми агын трансформаторы жана алгачтар үчүн чоң люктардын убактысы ар бири үчүн 3 саатка чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
81. 400 МВА чейинки кубаттуулуктагы 110-220 кВ чыңалуудагы трансформаторлор үчүн жылчыктандыруу, челеке кургак аба бербестен төмөнкү шартарда талаптар аткарылат:
- активдүү бөлүктүн температурасы 283 К (10 ° C) төмөн болбоого жана май төгүлгөндө атмосфералык абанын шүүдүрүм чекитинин температурасынан бардык жылчыктандыруу мезгилинин ичинде кеминде 10 градуска, ал эми жылчыктандырууда кеминде 5 градуска чейин болуш керек;
Табигый экологиялык шарттар температуралык талаптарды камсыз кылбаса, трансформаторду жылчыктандыруудан мурун жылытуу керек. Активдүү бөлүктүн температурасы магниттик өткөгүчү устүңкү моюнтуругуна орнотулган ар кандай термометр (сымаптан башкасы) менен аныкталат. Жылытууга болбогонтрансформаторлор үчүн активдүү бөлүгүнүн температурасын майдын температурасы менен аныктоого болот.
- курчап турган абанын салыштырмалуу нымдуулугу 85% ашпоого тийиш;
- жылчыктандуруунун узактыгы 12 сааттан ашпаш керек, майы төгүлгөн кезде жана майды агызбаганда 20 сааттан ашпоого тийиш.
Челеке кургак абаны 8-тиркемеге ылайык бергенде трансформаторлор үчүн жылчыктандырууну төмөндөтүүнүн жалпы убактысы 100 саатка чейин, ал эми агын трансформаторлор жана алгачтар үчүн чоң люктардын убактысы ар бири үчүн 3 саатка чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
82. Чыңалуусу 220 кВга чейинки май менен жарым-жартылай толтурулган трансформаторлордун тетиктерин орнотууда челектен майды оромду кысып турган шакекчелердин деңгээлинен төмөн агызбастан ишке ашырылышы мүмкүн.
Куралган бөлүктөрдү орнотуу учүн майды толук төгүү челектин ичиндеги бутактанууларды алгач менен туташтырууда талап кылынат, активдүү бөлүктүн кергич түзүлүштөрүн иштетип пайдалануу абалга келтирүү зарылчылыгында, ошондой эле сактоо талаптары бузулганда , активдүү бөлүгүн жана кошкуч түзүлүштөрдү текшерүүнү талап кылат.
83. Чыңалуусу 220 кВ жогору болгон трансформаторлордун куралган бөлүктөрүн орнотуу үчүн, трансформаторлордун челегинен толук майды төгүш керек, эгерде трансформатордун конструкциясы оромоду кысып турган шакекчелеринин астынан бактан майды агызуусуз орнотууга эсептелбеген болсо.
84. Майсыз ташылган трансформарларда же майы төгүлгөн менен иштөөдө төмөнкүдөй жумуштар аткарылууга тийиш:
85. Майсыз ташылган жана азот менен толтурулган трансформаторлордун челегине адамдар кирердин алдында 9. пунктта көрсөтүлгөн ыкмалардын бирин колдонуу менен азотту алып салуу керек.
86. Жогорку чыңалуу алгачындагы каптама цилиндилер жана аларга бекиткичтерди, эгерде алар транспорттук абалда трансформаторлордун челектеринде ташылган болсо чечүүкерек.
87 Чиймелердин талаптарын сактоо менен, транспортун тетиктерин жана бутактануунун бекиткичтеринин тетиктерин алып салуу керек.
88. Активдуу бөлүгүнүн,механизминин жана ЖАЖСнын түзүлмөсүнүн электр байланыштарынын сырткы абалын текшериш керек. ЖАЖСнын түзүлмөсүн текшеруу учун бир нече жолу кол менен өчүрүп күйгүзүп көрүү керек,атайы коюлган иштеткич механизм менен.Ошол учурда механизмдин туура иштешин жана тийимдин кыймылдуу жана туруктуу тийимдин ортосундагы байланыштын ишенимдуулугутекшерилет, ЖАЖСнын түзүлмөсүнүн нускамасынын көрсөтмөсүнө ылайык.
89. Алгачтарды орнотуу учурунда, каптама аралыктарды көзөмөлдөө зарыл:
- «алгачтын тоскучу–алгачтын цилиндри», ал 110-220 кВ алгачтар үчүн 20 мм кем эмес, 500 кВ алгачтар үчүн 30 мм кем эмес болууга тийиш;
-“алгачтын цилиндри – оромо, каптама тоскучу”, иштетип пайдалануу иш кагаздарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш , ал эми иштетип пайдалануу иш кагаздарында талаптар жок болсо, 110-220 кВ алгачтар үчүн 20 мм кем эмес жана 30ммдан кем эмес болууга тийиш 500 кВ алгачы үчүн;
- чиймелерде көрсөтүлгөнбашка каптамалык аралыктар.
90. Иштетип пайдалануу иш кагаздардын нускамаларын жетекчиликке алуу менен трансформатордун челегиндеги активдүү бөлүктүн бекитүүчү элементтеринин абалын текшерүү жана жумушчу абалына келтирүү.
91. Оромонун бутактанууларын алгач менен туташтырууда ийкемдүү кошулмалардын өз ара жана жерге туташтырылган жана агын өткөрүүчү элементтерге карата каптамалык аралыктарын өлчөө зарыл, алар трансформатордун иштетип пайдалануу иш кагазынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Бул учурда ийкемдүү байланыштарда тартылуу болбошу керек жана тийим кошулмасынын ишенимдүүлүгү камсыз болот. Ийкемдүү кошулмалардын каптамалык аралыктарын текшерүүдө кыска туташуулар учурунда алардын мүмкүн болуучу четтөөлөрүн эске алуу керек. Каптаманын аралыктарын туура өлчөө үчүн ийкемдүү кошулмаларды мүмкүн болушунча оолактатыш керек фазалардын агын өткөрүүчү элементтеринен жана трансформатордун жерге туташтырылган бөлүктөрүнөн.
Чоюлма түрүндөгү алгачтарды орнотууда тийме шиш буроого өзгөчө конүл буруш керек.
92. RIP каптамасы бар жогорку вольттогу алгачтарды орнотуу. Түздөн-түз алгачтын түбүнөн жүк ташуу корпусун жана полиэтилен капкагын алып салгандан кийин, жогорку вольттогу алгачты орнотууга даярдап (алгачты даярдоочунун заводтун талаптарына ылайык) жана трансформатордуорнотуу керек.Эгерде кандайдыр бир себептерден улам алгачты орнотуу кийинкиге калтырылса, анда абанын нымдуулугу 60% дан ашпаган кампада алгачты сактоону камсыз кылуу зарыл. Эгерде алгачты транспорттук корпуссуз жана полиэтилен капкагы жок узак убакытка сактоо зарыл болсо, алгачтарды завод- чыгаруучулардын талаптарына ылайык сакталышы керек. RIP каптамасы бар алгачтарды сактоо үчүн трансформатордук май менен толтурулган атайын жылчыксыз кутуларды колдонуу сунушталат.
93. Жылчыктандыруу учурунда ич ара орнотулган агын трансформатор, алгачтар,алгачтардын каптамалоочу цилиндри, газ чыгаруучу түтүк жана башка бөлүктөр, трансформатордун түзүлүшүндө каралган жана аны ташуу учурунда чечилген тетиктер орнотулууга тийиш.
94.Трансформаторду жылчыктандыруу боюнча иштер аяктагандан кийин аткаруучулар орнотуу журналына төмөнкү текшерүүлөр жөнүндөмаалыматтарды киргизүүсү керек:
- техникалык иш кагаздарында көрсөтүлгөн каптама аралыктары –иш жүзүндөгү аралыктар;
- цилиндрлерди жана алгачтарды туура орнотуу - иш жүзүндөгү аралыктар;
- активдүү бөлүктүн бекитүүчү элементтеринин абалы;
-ЖАЖСнын тандамал камтылган түзүлмөсүнүн абалы.
95. 80,81 пункттарынын жана 7 жана 8-тиркемелерде талаптарын бузуулар болгон болсо, трансформаторлордун каптамасын жакшы экенин баалоо үчүн жылчыктандыруу аяктагандан кийин алардын нымдуулугун текшерүүго активдүү бөлүгүнө орнотулган каптаманын үлгүлөрү алынат.
96. Трансформатордун каптамасын кошумча иштетүү, эгерде талап болгон учурда, 5-тиркеменин талаптарын жетекчиликке алуу менен трансформаторду май менен биротоло толтурууга чейин жүргүзүлөт.
97. Кеңейткич челекти трансформаторго орнотуп жана туташтыргандан кийин майдын температурасына жараша кеңейткич челеке майдын керектүү деңгээлин коюу керек.
98. Орнотуу иштери аяктагандан кийин бардык тыгыздоо буюмдарынын бекиткичтерин бекемдөө, сырдоо иштеринин бузулган жерлерин (анын ичинде бекиткичтерди) 6-тиркемеге ылайык калыбына келтириш керек.
99. Ар бир трансформаторду орнотууда жана кепилдик мөөнөтүндө техникалык тейлөө үчүн даярдоочунун ченемине ылайык камдык бөлүктөрдүн жыйнактары менен камсыздалат.Орнотуу аяктагандан кийин пайдаланылбаган камдык бөлүктөр өткөрүлүп берилген буюмдардын жана материалдардын тизмесин көрсөтүү менен протокол (акты) боюнча Заказчыга өткөрүлүп берилет.
100. Орнотуу аяктагандан кийин трансформаторду башка курулмага ташуу жана андан аркы иштетип пайдаланууда оңдоо иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү үчүн ташууда пайдалануучу тыгындар жана бекиткичтерди (челектен алынган,алгачтын түзүлүштөрдүн корпустары, муздатуу тутумунун болүктөрү ж.б.) сактоону уюштуруу керек.
10-бөлүк. Трансформаторду май менен толтуруу жана толуктоо
§ 8. Трансформатордуабасыз толтуруу жана май менен толуктоо.
101. Трансформатордуабасыз толтуруу жана май менен толтуруу, эгерде иштетип пайдаланган иш кагаздарда башкасы көрсөтүлбөсө, 110 кВ чыңалуудагы трансформаторду орнотууда жүргүзүлөт.
102. Май толтуруунун же толтуруунун алдында трансформатордун иштеши үчүн зарыл болгон кеңейткич челекти, газ чыгаруучу түтүк жана башка тетиктерди орнотуу зарыл. Кеңейткич челеке май көрсөткүч жана аба кургаткыч орнотулушу керек.
103.Трансформатордун толтуруу түзмөгүн чогултуп жана май түтүгүн челектин түбүндө жайгашкан бекиткич арматурага туташтырылат. Май толтуруу түзмөгү менен май толтураарда, май тазалоочу орнотмо менен камсыз кылуу сунушталат. Колдонулган май түтүкчөлөрү алдын ала тазаланып, май менен жуулушу керек.
104. Майсоргучту иштетип ( май тазалоочу орнотмо), трансформаторго кеңейткич челегине чейин саатына 3 тоннадан ашпаган ылдамдыкта май берүү. Куюлуп жаткан майдын параметрлери 1-тиркеменин талаптарына ылайык келиши керек.
Кеңейткич челектеги майдын деңгээли трансформатордогу майдын температурасына жараша коюлат, майдын көрсөткүчүндө көрсөтүлөт.
§ 9. Ийилгич кабыгы бар кенейткич челектер менен жабдылган трансформаторлорду толтуруу (толуктоо).
105. Тиешелүү нускамалардын талаптарына ылайык трансформаторго ийилгич кабыкчасы бар кеңейткич челектер орнотулат.
106. Кенейткич челектин көлөмүнүн 2/3 деңгээлине чейин алдын ала толтуруу керек.
107. Трансформатордун челегинин капкагынын деңгээлине чейин май менен толтуруу (толуктоо).
108. Кеңейтүүчү челекти орнотуу үчүн түтүк өткөргүчтүн тутумунун түзмөгүн чийме боюнча чогултуу жана трансформаторго май толтуруп газ реледен абаны чыгаруу. Кеңейтүүчү челектеги майдын керектүү деңгээли,трансформатордогу майдын температурасына жараша орнотулат.
109.Челектеги аба чыгаргычтагы тыгынды ачуу жана анын куралган бөлүктөрүндөгү жана трансформатордогу жабык көңдөйлөрүндө калган абаны чыгаруу, 12 саат май тургандан кийин челектеги абанын жоктугун кайра текшерүү. Эгерде кеңейткич челектен абаны чыгаргандан кийин, майдын деңгээли талап кылынган деңгээлден төмөн түшүп кетсе, майды кайра толтуруу керек.
110. Трансформатор толук май менен толтурулбаса, майды толтуруу челектин үстүндө жайгашкан же кеңейткич челекте орнотулган түтүк менен толтурулат. Майды толуктап куюда 103 жана 109-пункттардын негизиндеаткаруу керек.
111.Үлбүрөк кабыкчалуу коргоочу менен жабдылган трансформаторлорду аба жок толтургандан (толуктоодон) кийин, трансформатордун челегиндеги майдын газдарын чыгаруу керек.
112.Трансформатордун челегинен майдын үлгүсүн алуу жана анын 1-тиркеменин талаптарына шайкештигин текшерүү керек.
§ 10. Трансформаторлорду аба жок толтуруу.
113. Аба жок толтуруу жана трансформаторду май менен толуктоо чыңалуусу 110 кВ классындагы трансформаторлорду орнотуу учурунда болот (эгерде аба жок толтурууга шилтеме болсо),челектер калдык басымы 665 Па (сымаптык мамычанын 5 мм) дан төмөн болбогондо, андан тышкары 220кВ чыңалууга жана андан жогору бардык түрлөрдөгүтрансформаторлорго жана кубаттуулуктарга эсептелген.
114. Трансформаторлордун сыртына орнотулган жүктөлүш астында жөнгө салуу(РПН) түзүлүштөрүндө аба жок толтуруу түзмөгү бирдей басымдын сакталышын камсыз кылат.
Мындай түзмөктү ишке ашыруу, өчүрүп- күйгүзүүчү түзүлүштөрдү орнотуу нускамасында келтирилген.
115. Чөмүлүүчү жүктөлүш астында жөнгө салуу(ЖАЖС) түзүлүштөрү менен трансформаторлорду абасы жок толтуруу түзмөгүтрансформатордун челегинде, тийим кошкучтун челегинде, тийим кошкучтун челкабыгындагы боштукта жана ташууга ылайыкталган тыгындарда бирдей басымдын сакталышын камсыз кылууга тийиш, эгерде бул жүктөлүш астында жөнгө салуу(ЖАЖС) түзүлүшүнүн нускамасында каралган болсо.
§ 11. Аба жок түзмөгүн чогултуу.
116. Челеке калдык басымын өлчөөчү алетти (боштук өлчөгүч) орнотуш керек.
117. Абасы жок толтуруу түзмөгүн 1-сүрөткө ылайык чогултуу керек.
Абасы жок түтүк менен (ички диаметри 50 мм кем эмес, толук боштукка туруштук бере турган) трансформатордун челегин аба соргуч менен трансформатордун челегинин үстүндөгү бекиткич арматура аркылуу туташтырыш керек. Трансформатордун челеги мнен аба соргучтун ортосуна 1-сүрөттө ылайык технологиялык абасы жок челекти орнотуу керек.
Трансформатордун челегинин капкагына газ релесинин бекиткич арматурасы түтүгү менен жана башка курамдык бөлүктөрдү орнотууда , трансформатордун челегин жылчыктандыруу талап кылынат.
118. Трансформатордун челегинин жылчыксыздыгын текшеруу керек, ал үчүн аба соргучту күйгүзөт, боштук түтүктүн бекиткич арматурасын ачыш керек жана челекте 665Па ашык эмес калдык басымды түзөт, андан кийин боштук түтүктүн бекиткич арматурасын жабат,аба соргучту токтотот жана трансформатордун челегиндеги калдык басымды жазуу керек.
Трансформатор жабылган абалда 1 саат тургандан кийин,трансформатордун челегиндеги калдык басымды кайра өлчөө керек. Трансформатор жылчыксыз деп эсептелинет, эгерде ошол учурда калдык басым көбөйүп 665 Па(5мм сым.мам.) ден ашпаса.
1 сурот. Боштуктун жана толтуруунун түзмөгү
1 – трансформатордун челеги,
2. – бекиткич арматура,
3 – калдык басымды өлчөгөн алет,
4 – технологиялык челек көлөмү-0,3м3,
5 – аба соргуч
6 – газды тазалоо орнотмосу.
119. Май куюудан мурун челекти абадан бошотуу керек. Трансформаторду абадан бошотуу үчүн калдык басым 20сааттын ичинде 665 Па дан ашпаш керек. Трансформаторду абадан бошотуу , трансформаторду орнотуу май төгүлбөстөн жүргүзүлөт жана басуу шакекчелеринин денгээлинен төмөн болот ,2 сааттын ичинде калдык басымы 665Па(5 мм рт.ст.) ашпаш керек.
120. Толтуруу түзмөгүн чогултуу. Толтуруу түзмөгүн чогултуп жана майдын түтүгүн бекиткич арматурага туташтырыш керек, анткени челектин түбүндөгү майды төгүү үчүн.Майдын түтүктөрү, май өткөрбөгөндөй тыгыз болушу керек, алдын ала тазаланып, май менен жуулушу керек. Толтуруу түзмөгүндө майды механикалык аралашмалардан тазалоо үчүн жылчыксыз чыпкаларды орнотуу сунушталат. Май куюу үчүн газдарды тазалоочу түзмөктөрдү колдонуу керек.
Трансформаторлордун сыртына орнотулган жүктөлүш астында жөнго салуу(ЖАЖС) түзүлүшторүндө майды куюнун өзгөчөлүктөрү атайын нускамаларда көрсөтүлөт.
§ 12. Май менен толтуруу
121. 1-тиркемеге ылайык мүнөздөмөсү бар,челектеги калдык басымы 665па (5 мм сым.мам.) ашпаган газсыздандырылган май куюлуш керек. Куюлуп жаткан трансформатордун майы 318к (45 С) төмөн эмес температурага чейин ысытылышы керек. Бул учурда, май менен камсыз кылуу ылдамдыгы чектелбейт.
122. Майдын денгээли 250-300мм трансформатордун челегинин капкагынын деңгээлинен төмөн болгондо, май куюуну токтотуп, 12 сааттын ичинде май мейкиндигин абадан бошотот, бардык курамдык бөлүктөрдү, бош мейкиндиктерди,трансформатордун жабык көңдөйүндө жана андан кийин май куюуну улантыш керек, талап кылынган ченемдерге чейин.
123. Калдык басым бар учурда трансформаторго май куюну 119 чу орун белгисине ылайык уланта берет, технологиялык боштук челектин май көрсөткүчүндө май пайда болгонго чейин .Боштук түтүгүн ажыратыш керек.
Трансформатордун челегиндеги басымды каттаган мановакуумердин көрсөткүчү боюнча кайра толтурууну көзөмөлдөө керек. Бул учурда челектеги ашыкча басымга каршы коопсуздук каражаттары жумушчу абалга келтирилиши керек.
124. Кеңейтүүчүнү орнотуу үчүн түтүктөр тутумунун түзмөгүн чийме боюнча чогултуп жана газ реледен абаны чыгарып , трансформаторго май толтуруш керек.Кеңейтүүчүдөгү майдын керектүү деңгээлин трансформатордогу майдын температурасына жараша орнотуш керек.
125. 110-220 кВ чыналуудагытрансформаторлоруна май толтуруу, алгачтарды орнотуу, майды токтотпостон жүргүзүлот, 123, 124-пункттардын талаптары аткарылат, андан кийин челектеги майды жабык циклде газдарды жок кылуу.
126. Челектеги жана куралган бөлүктөрдөгү аба чыгаруучу тыгындарды ачып, калган абаны чыгарыш керек.
127. Майдын үлгүсүн алып жана анын мүнөздөмөлөрүн 1-тиркеменин талаптарына шайкештигин текшерүү.Газдардан тазалаган майдын үлгүлөрүн алууда үлгү алынган майдын аба менен тийүүсүн болтурбоо боюнча чараларды көрүү зарыл. Бул талапты камсыз кылуу үчүн атайын жылчыксыз май жыйгычтарды, шприцтерди ж.б.колдонуу керек.
128. Эгерде муздатуу тутумун иштетип пайдалануу башкаруусу башкача каралбаса, муздатуу тутуму челек менен бирге толтурулат.
11-бөлүм. Сыноо жана тууралап жөндөө
129. Трансформаторду чогулткандан кийин майдын тыгыздыгын сыноодон өткөрүү керек.
Үлбүрөк кабыкчалуу май коргоочусу бар трансформаторду сыноо, ийкемдүү кабыкчанын ичинде 10 кПа (0,1 кгс/см2) ашыкча аба басымын түзүү жолу менен жүргүзүлөт.
Калган трансформаторлорду сыноо, кенейткичтин май үстүндөгү мейкиндигинде 10 кПа (0,1 кгс/см2) азоттун же кургак абанын ашыкча басымын түзүү жолу менен жүргүзүлөт.
Сыноодо трансформатордун челегиндеги майдын температурасы, 110 кВ чейинки жана ошону менен бирге 283К° (10С°), калгандары үчүн 293К° (20С°) төмөн эмес болушу керек. Сыноонун узактыгы 3 сааттан кем эмес. Сыноо учурунда аба кургаткыч ажыратылышы керек. Оодаргычты карап көрүп текшерүүдө май акпаса, май өткөрбөйт деп эсептелет.
Майдын тыгыздыгын текшерүүдө бир эле учурда жогорку чыңалуудагы алгачтардын үстүнкү жылчыксыздык түйүндөрүнүн ишке жарамдуулугун көзөмөлдөө зарыл.
130. Трансформаторлордун челегиндеги майдын 1-тиркеменин талаптарына шайкештигин, ал эми тийим кошкучтун челегиндеги майдын жүктөлүш астындагы жөнгө салуу(ЖАЖС) түзүлүштүн нускамасынын талаптарына шайкештигин текшерүү.
Чыңалуусу 110 кВ жана андан жогору болгон трансформаторлор жана баардык блоктук өздүк керектөөлөр трансформаторлору үчүн чыңалууга кошуунун алдында майда эриген газдардын хроматографиялык анализи жүргүзүлүүгө тийиш.
131. Төмөн чыңалуудагы курулай иштегендеги жоготууларды түзмөктөр менен өлчөнөт, өндүрүүчү-заводдо сыноо учурунда кандай өлчөөлөр жасалган жана берилген чыңалуунун жыштыгы жана чоңдугу кубөнаамага ылайык келиши керек.
Курулай иштегендеги жоготууларды бардык сыноолордун жана өлчөөлөрдүн башталышында,трансформаторлордун оромдоруна туруктуу агын берилгенге чейин өлчөнөт.
Үч фазалуу трансформаторлор үчүн салыштырмалуу фазалык жоготуулары кубөнаамадагы фазалык көрсөткүчтөрдөн 5% ашык айырмаланбашы керек.
Бир фазалуу трансформаторлор үчүн алынган жоготуулардын ортосундагы айырма кубөнаамадагы маанилерден 10% ашпоого тийиш.
Көрсөтүлгөндөн ашкан четтөөлөр өндүрүүчү-завод менен макулдашылышы керек.
132. Жүктөлүш астында жөнгө салуу түзүлүшүнүн (ЖАЖС) жана дүүлүктүрбөстөн бутактамаларды өчүрүп күйгүзүү (ДӨК) түзүлүштөрүн текшерүү, тиешелүү нускамаларга ылайык жүргүзүлүшү керек.
133. Санды көбөйтүүчүнү бардык өчүрүп күйгүзүүнүн баскычынан текшерүү керек.Өлчөнгөн санды көбөйтүүчүнүн өлчөмү , чектелген чоңдуктагы чыңалуудан эсептелген санды көбөйтүүчүнүн айырмасы 2%тен ашпаш керек. Жүктөлуш астында жөнгө салуусу (ЖАЖС) бар трансформаторлор үчүн,санды көбөйтүүчүсүнүн айырмасы жөнгө салуу баскычынын маанисинен ашпоого тийиш.
134. Трансформатордун кубөнаамасында көрсөтүлгөн оромдордун туруктуу агындын каршылыгын өлчөө. Жүктөлүш астында жөнгө салуу (ЖАЖС)жана дүүлүктүрбөстөн бутактамаларды өчүрүп күйгүзүү(ДӨК) түзүлүштөрү бар трансформаторлор үчүн туруктуу агындын оромунун каршылыгын өлчөөдөн мурун бүт диапазондо түзүлүштүн кеминде 3жолу өчүрүп күйгүзүү, кайталануучу иш жүрүштү аткаруу зарыл. Бир эле температурада ар кандай фазалардын бирдей бутактарынан алынган үч фазалуу трансформаторлордун каршылык маанилери бири-биринен 2% дан ашык айырмаланбашы керек. Конструкциялоонун өзгөчөлүктөрүнөн улам трансформатордун кубөнаамасында 2%дан ашык айырмачылыктар жөнүндө жазуу камтылса, анда кубөнаамада көрсөтүлгөн дал келбөөчүлүктүн чондугун жетекчиликке алуу зарыл. Бир фазалуу трансформаторлордун каршылыктарынын алынган маанилери трансформаторлордун кубөнаамада көрсөтүлгөн маанилерден 5% ашык айырмаланбашы керек.
135.Трансформатордун каптамалык мүнөздөмөлөрүн өлчөө (R60 жана tgδ). Каптаманын мүнөздөмөлөрү завод-өндүрүүчүсүндө колдонулган түзмөктөр боюнча жана кошумча каптамалоочу жери боюнча өлчөнөт.
Оромдун каптамасынын мүнөздөмөлөрүн өлчөө , каптаманын тепературасынан кем эмес жүргүзүлүүгө тийиш:
10 С° - чыңалуусу 150 кВ чейинки трансформаторлор үчүн;
20 С° - 220-500 кВ чыңалуудагы трансформаторлор үчүн.
Оромдордун каптамалык каршылыгы 2500 В чыңалуудагы мегаомметр менен өлчөнөт.
Орнотуу учурунда өлчөнгөн каптаманын каршылыгы R60 жана кубөнаамында берилген өлчөө температурасына чейин түшүрүлгөнкаптаманын каршылыгы,трансформатордун кубөнаамасында көрсөтүлгөн мааниден 50% кем болбошу керек.
Кубөнаамалык температурага келтирилген 1% га барабар же андан аз tgδ каптамалык маанилер,кубөнаамалык маанилер менен салыштырбастан канааттандырарлык деп эсептелет.
Каптаманын мүнөздөмөлөрдүн натыйжалары 9-тиркемеге ылайык бааланат.
136. Zk кыска туташуу каршылыгын өлчөө. Жүктөлуш астында турган чыңалууну жөнгө салуучу трансформаторлор үчүн Zk негизги жана эки четкибутактамаларда өлчөнөт. Ишке киргизүүдө Zk мааниси негизги тармактагы трансформатордун кыска туташуу чыңалуусу (Uк ) менен аныкталган мааниден 5% ашпоого тийиш.
Баардык трансформаторлор үчүн Zk кыска туташуу каршылыгын өлчөө сунушталат. Zk өлчөөлөрү трансформатордун оромдору аркылуу кыска туташуу агындары өткөндөн кийин иштөө учурунда алардын абалын көзөмөлдөө үчүн баштапкы маалыматтарды алуу максатында жүргүзүлөт.
137. 2500В чыңалуудагы мегаомметр менен челеке карата активдүү бөлүктүн каптамасынын каршылыгын өлчөйт (өлчөө өткөргүчтөрү бар болсо). Трансформатордун иштетип пайдалануу иш кагаздарында башкача каралбаса, уюл кошкучтун тирөөчүсүнүн каптамасынын өлчөнгөн каршылыгы маанилери 2 МОм кем эмес, ал эми активдүү болоттун каршылыгы 0,5 МОм кем болбошу керек.
138. Бул тутумду иштетип пайдалануу боюнча колдонмосуна ылайык, муздатуу тутумуна сыноо жүргүзүп жана жөнгө салуу керек.
139. Трансформатордун газдан коргоосун жөнгө салуу керек.
Үлбүрөк кабыкчалуу коргоочусу бар трансформаторлорго орнотулган газ релесинин иштеши, газ релесинин нускамаларына ылайык текшерилет. Үлбүрөк кабыкчалуу коргоочу бар трансформаторлорго орнотулган газ релесинин иштешинтекшерүүдө, ага аба киргизүү жолу менен текшерүүгө тыюу салынат.
Газ релесине май толтуруу, бекиткич арматураны кеңейткич тараптан жайдан ачуу менен жүргүзүлөт.Бул учурда газ релесинин газ чыгаруу тыгыны ачык болушу керек.
Газ релесине коюлган чектин чоңдугу трансформатордун пайдалануу иш кагаздарынын талаптарына ылайык келиши керек. Эгерде пайдалануу иш кагаздарында көрсөтмө жок болсо,анда коюлган чекти эң жогору сезгичтике туура келген чоңдугун кабыл алынат, эгерде реле,муздатуу тутумунун электр соргучтарын күйгүзүп, өчүргөндө иштеп кетүүсүн болтурбоо керек.
140. 1000 В 50 Гц чыңалуудагы трансформаторго орнотулганкөзөмөлдөп өлчөөчү коргоо аппаратурасынын чынжырлардын каптамасын 1 мүнөттун ичинде сыноодон өткөрүү керек, манометрдин термометринин туташтыргычтары ажыратылган учурда. 750 В 50 Гц чыңалуудагы ТКП тибиндеги манометрдик термометрлердин каптамасын 1 мүнөттун ичинде сыноодон өтөт.
141. Завод-өндүрүүчүлөрдүн тиешелүү нускамаларын жетекчиликке алуу менен көзөмөлдөп өлчөө аппаратурасын текшерүүлөрдү жана сыноолорду жүргүзөт.
142. Тиешелүү нускамаларды аткаруу менен ич ара орнотулган агын трансформаторлорду текшерүү керек.
143. Алгачты жасап чыгаруучу –заводтун нускамасына таянып, өлчөөчү чыгыштары менен жабдылган жогорку чыңалуудагы алгачтарды текшерүү жана сыноо өткөрүлөт.
144. Чектелген чондуктагы чыңалуудагытрансформаторду сыноодон өткөрүүнүн алдында орнотуу жөнүндө, сыноолорду жүргүзгөн жөнүндө техникалык протокол(акт) түзүлүшү керек жана орнотуучу уюмдун өкүлдөрү тарабынан пайдаланып колдонуу, сыноону өткөрүүчү, жана даярдоочу ишкананын шеф- инженери (эгерде орнотуубоюнча көзөмөл камсыз кылынса) тарабынан кол койулушу керек.
12-бөлүм.Иштетип көрүү жана иштетип пайдаланууга берүү.
145. Эгерде каптаманын мүнөздөмөлөрдү өлчөө жана акыркы текшеруу 3 айдан ашык убакыт өтсө, трансформаторду иштетип көрүүнүн алдында төмөнкүлөр зарыл:
- кайталап өлчөө жана текшерүү төмөнкү орун белгилерге ылайык 130 жана 135;
- бүткүл диапазондо түзүлүштүн үчтөн кем эмес өчүрүп күйгүзүү циклинен кийин жүктөлүш астында жөнгө салуу(ЖАЖС) жана дүүлүктүрбөстөн бутактамаларды өчүрүп күйгүзүү(ДӨК) түзүлмөлөрдүн оромдорунун туруктуу агындын каршылыгын өлчөө;
- трансформатордун майындагы эриген газдарга хроматографиялык анализ жүргүзүү.
146. Бардык термометрлердин көрсөткүчтөрүн жана кеңейткичтеги майдын деңгээлинин трансформатордун челегиндеги майдын температурасына дал келүүсүн текшерүү.
147. Ажыратуу клапандын, муздатуу тутумунда май түтүгүндөгү бекитүү арматуранын жана газ релесин, газ релесинде абанын жоктугуна ынаныш керек. Жүктөлүш астында жөнгө салуу (ЖАЖС) жана дүүлүктүрбөстөн өчүрүп күйгүзүү(ДӨК) түзүлмөлөрдүн , челектин жерге туташтырылганын, трансформатордо бөтөн нерселердин жоктугун жана майдын акпаганын баарынын абалынын көрсөткүчүнүн шайкештигин текшерүү керек.Агын трансформатордун пайдаланылбаган экинчилик оромосун кыска туташтырыш керек.
148. Долбоор боюнча трансформатордун коргоо тутумуна кирген чубалгы алгачты жана ортомдун разряднигин, ашыкча чыңалууну чектегичтерди текшериш керек.
Үч оромдуу трансформатордун (автотрансформатордун) пайдаланылбаган төмөнкү жана орто чыңалуудагы оромдору жылдыздуу же үчтүк түзмөктө туташтырылууга тийиш жана ар бир фазанын жерге кирүүсүнүн ортосуна туташтырылган алгачтар же разряддагычтар же ашык чыңалууларды чектегичтер менен корголушу керек. Үч бурчтуктун чокуларынын бирин же нейтралдуу жылдызды жерге туташтыруу аркылуу, биринчи кезекте магниттик өзөктөн жайгашкан пайдаланылбаган төмөнкү чыңалуудагы оромдорду коргоого болот.
Эгерде аларга узундугу 30 мден кем эмес жана жерге төшөлгөн жердетилген кабыкчасы же зоот каптамасы бар кабелдик чубалгы туруктуу туташтырылса, колдонулбаган оромдорду коргоо талап кылынбайт.
149. Бардык берилген коргоолордун иштешин текшерүү керек.
Текшерүү иш кагаздары түзүү менен тааризделишет.
150. Трансформаторду кошуу үчүн, өчүрүү үчүн иштетилген коргоочуларды кошуш керек.Газ релесинин белги берүүчү тийимдерин кошуп, белгисин өчүрүүгө коюш керек.35-110-500 кВ трансформаторлорүчүн май куюлгандан (толтурулгандан) кийин 12 сааттан эрте эмес трансформаторду күйгүзүү керек.
151. Трансформатордун абалын угуу жана байкоо үчүн 30 мүнөттөн кем эмес чектелген чыңалууда бош ылдамдыкта бир жагынан (жогорку, орто же төмөнкү чыңалуу) күйгүзүш керек Д жана ДЦ түрүндөгү муздатуу тутуму бар трансформаторлорду, трансформаторлордун иштегенин угуу үчүн, желдеткичтерди өчүрүп, трансформаторлорду иштетүүгө жол берилет.
Муздатуу тутумун күйгүзүүдө, муздатуу тутумунун жана трансформатордуништетип пайдалануу иш кагаздарын кошумча жетекчиликке алуу керек.
Магниттештирүүчү агындын жогорулашынан коргоонуну тууралап коюну текшерүү үчүн трансформатордучектелген чыңалууга чейин бир нече жолу (3-5 жолу) кошобуз.
152. Эгерде угуунун жана сыноонун натыйжалары канааттандырарлык болсо, коргоонуну иштөө абалына которуу, ал эми трансформаторду жүктөп күйгүзүүгө жана ишке киргизүүгө болот. Өлчөөлөрдүн жана сыноолордун натыйжалары протокол (акты) менен таризделет.
153. Трансформаторлорду иштетип пайдалануу, иштетип пайдалануучу иш кагаздардын жыйнагына киргизилген, иштетип пайдалануу боюнча колдонмодогу көрсөтмөлөргө ылайык жүргүзүлөт.
§ 13. Иштин алгачкы мезгилиндеги кошумча көрсөтмөлөр.
154. Майдын үлгүлөрү ушул нускамага ылайык иштетилген бардык трансформаторлордон алынууга тийиш.
- баардыгы ишке киргенден кийин, 10 күндөн кийин, 1 айдан кийин, 500 кВ трансформаторлордон кошумча 3 айдан кийин, майдын үлгүлөрү алынат.
Андан ары, белгилүү бир трансформатор үчүн завод- өндүрүүчүнүн нускамасына жана электр жабдууларын сыноолордун көлөмдөрү жана ченемдеринин талаптарына ылайык.
Алынган майлар 1-6 пункттарга, 1- тиркеменин 1-таблицасына ылайык текшерилиши керек.
Эгерде май абалынын начарлашынын белгилери иштетип пайдалануунун алгачкы мезгилинде байкалса, анда завод- өндүрүүчүгө кайрылуу керек.
155. Трансформаторлук майдагы эриген газдарга хроматографиялык анализди төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзөт:
- кубаттуулугу 60 МВАдан аз болгон 110 кВ чыңалуудагытрансформаторлор 6 ай иштегенден кийин;
- кубаттуулугу 60 МВА жана андан көп болгон 110 кВ чыңалуудагы трансформаторлор жана бардык 220-500 кВ чыңалуудагытрансформаторлор биринчи 3 күн ичинде, бир айдан кийин, 3 ай, 6 ай иштегенден кийин.Андан ары электр жабдууларын сыноонун көлөмүнө жана ченемдерине ылайык.
156. Бир жыл иштегенден кийин бардык тыгыздалуучу ажырымдардын бекиткичтерин бекемдөөнү аткаруу керек.
1-тиркеме
Даярдалган жаңы майлардын сапатына талаптар,
жаңы электр жабдууларына куюу үчүн
§ 1. Трансформатордук майларына талаптар
1. Толтуруу же толуктоо үчүн даярдалган трансформатордук майы 1-таблицадагы талаптарга жооп бериши керек.
1-таблица
Көрсөткүчтүн аталышы
| Майдын сапатына чектелип уруксаат берилген мааниси
| Сыноо ыкмасы | |
Толтуруунун алдында* | Толтургандан кийин* | ||
1.Тешипчыгуучучыналуу,кВ,кемэместрансформатортөмөнкүчыңалууларменен: 110кВ, 220-500кВчогуу |
60 65 |
55 60 | Колдонулган ыкмаларга, ошондой эле сыноолордун көлөмүнө жана ченемдерине ылайык |
2. Кычкылдыктын саны, мг KOH/г, ашык эмес,трансформатор төмөнкү чыналуулар менен: - 220 кВга чейин - 220 кВ жогору |
0,02 0,01 |
0,02 0,01 | Колдонулган ыкмаларга, ошондой эле сыноолордун көлөмүнө жана ченемдерине ылайык |
3. Жабык тигелде дүрт этүү температурасы, °C, төмөн эмес** |
135 |
135 |
|
4. Нымдуулук, % салмагы (г/т), ашпаган:*** - үлбүрөк кабыкчалуу май коргоочусу бар трансформаторлор үчүн - үлбүрөк кабыкчалуу май коргоочусу жок трансформатор үчүн |
0,001(10)
0,0010(10) |
0,001(10)
0,0015(15) |
Хроматография ыкмасы аркылуу аныктоого жол берилет
|
5. Механикалык кошулмалардын курамы, %, (тазалык классы), ашык эмес - 220 кВга чейинкитрансформаторлорду кошкондо %, (тазалык классы), ашык эмес - 220-500кВ кошкондо |
Жоктугу (11)
0,0008(9) |
Жоктугу (12)
0,0010(10) |
Колдонулган ыкмаларга, ошондой эле сыноолордун көлөмүнө жана ченемдерине ылайык |
6. 90 °C диэлектрдикжоготуунунбурчтуктангенси,% ашыкэмес, трансформаторлорүчүн: - 220 кВга чейин -220дан 500 кВга чейин |
1,7**** 0,5 |
2,0***** 0,7 | Колдонулган ыкмаларга, ошондой эле сыноолордун көлөмүнө жана ченемдерине ылайык |
7. Сууда эрүүчү кычкылдыктардын жана щелочтордун курамы | Жоктугу | Жоктугу | Колдонулган ыкмаларга, ошондой эле сыноолордун көлөмүнө жана ченемдерине ылайык |
8. Антиоксиданттык кошумча ионолдун (агидол) курамы, массасы%, аз эмес | 0,20 | 0,18 | Колдонулган ыкмаларга, ошондой эле сыноолордун көлөмүнө жана ченемдерине ылайык |
9.Тоңуу температурасы, оС жогору эмес***** |
Минус 60 |
Минус 60 |
|
10.- үлбүрөк кабыкчалуу май коргоочусу бар трансформаторлор үчүн газдынкөлөмү, % көлөмү, ашыкэмес | Чектелбейт | 1,0 | Колдонулган ыкмаларга, ошондой эле сыноолордун көлөмүнө жана ченемдерине ылайык |
11. Кычкылданууга каршы туруктуулук | Май маркасы боюнча |
|
|
Эскертүү:
* Эгерде конкреттүү трансформатордун нускамасында башка талаптар жок болсо.
** Арктикалык мунай АГК колдонуу менен, бул көрсөткүчтүн мааниси мунай маркасындагы стандарт менен аныкталат.
*** Бул көрсөткүчтү Карл Фишер ыкмасы же хроматография ыкмасы менен аныктоого жол берилет.
**** Эгерде эксплуатациялык документтерде башкача каралбаса
***** * * * * * Арктика майына (АГК) куюлган трансформаторлор.
2. Трансформаторлорду толтуруу жана толуктоо үчүн пайдаланылуучу майдын ар бир партиясында май берүүчүнүн стандарттын талаптарына шайкештигин тастыктаган сертификаты болууга тийиш.
Орнотуп жаткан жерде май бар болсо, 1-таблицага ылайык текшерилет.
Трансформатор жасоочу- заводдон келген май, трансформаторго (транспорттук цистерналардан же технологиялык идиштерден) кайра куюлат жана пункттарга ылайык текшерүүдөн өтөт. 1-7 таблица1.
Үлбүрөк кабыкчалуу коргоо менен жабдылган трансформаторлорду толтуруу учурунда жана андан кийин май 1-таблицанын 10-пунктунун талаптарына ылайык келүүсүн камсыз кылуу үчүн газдын курамына кошумча текшерилиши керек.
3. Толтуруунун алдында газсыздандыруу орнотмонун чыгуучу жеринде майдагы эриген газдарга хроматографиялык анализ жүргүзүү сунушталат.
4. Трансформатор орнотулган өлкөдө колдонулуп жаткан мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттардын ченемдерине жана ыкмаларына ылайык майдын параметрлерин текшерүүгө жол берилет.
§ 2.Трансформатордук майларынын колдонулушу.
5. Трансформатордук майларды электр жабдууларында колдонуу чөйрөсү 2-таблицада келтирилген.
2-таблица
№ п/п | Майдын маркасы | ГОСТ же Т майга | Майдын кычкылдануусуна каршы туруктуулук | Чыңалуу классы жана электр жабдууларынын түрү |
1. 2. 3. 4. 5. | ГК ВГ Technol 2000 Nytro 11GX Nutro 10X | Өндүрүүчүнүнишкагаздары Ошолэле Ошолэле Ошол эле Ошол эле |
Жогору | Күчтүү жана өлчөөчүтрансформаторлор, реакторлор, 500 кВ чейинки алгачтар, май өчүргүчтөр |
7. | Т-1500 У | Өндүрүүчүнүн иш кагаздары | Орточо | Ошол эле |
8. 9. | Т-1500 Т-750(*) |
| Орточо | Ошол эле |
10.
11. | ТКп (*)
ТАп(*) | Өндүрүүчүнүн иш кагаздары(1992-жылга чейин өндүрүлгөн) Ошол эле |
Томон
| Күчтүү жана өлчөөчүтрансформаторлор, реакторлор, 500 кВ чейинки |
12. 13. | ТСп (ТСО) ТКп | Өндүрүүчүнүн иш кагаздары)(1992-жылга чейин өндүрүлгөн) |
Томон | Күчтүү жана өлчөөчүтрансформаторлор, реакторлор 35кВ чейинки |
14. | АГК, (атайын артикалык) | Өндүрүүчүнүн иш кагаздары |
Жогору | Климаты суук аймактар үчүн 500 кВ чейинки күчтүк трансформаторлор |
Майларга техникалык талаптарды аныктаган май завод-өндүрүүчүлөрдүн иш кагаздарынын талаптары жабдууларды иштетип пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү уюштуруунун стандарттык чектөөлөрүндө жана талаптарында келтирилген.
6. Трансформатордук майлар (коммерциялык жана жаңы) аларга карата колдонулуучу ченемдик иш кагаздардын талаптарына жооп бериши керек. Кычкылданууга каршы туруктуулугу жогору майларды колдонуу эң жакшы.
7. Электр чордондоруна жана тармактарына берилүүчү жаңы майлардын негизги сапат көрсөткүчтөрүнүн маанилери, чийки мунайдан дистилляциялоо жана тазалоо жолу менен алынган, трансформаторлордо жана өчүргүчтөр үчүн арналган, пайдаланылбаган мунай электр каптамалык майларды канааттандырууга тийиш.
8. Ар кандай үлгүдөгү майларды колдонуу чөйрөсүнө ылайык, аралаштырбастан сактоо жана колдонуу сунушталат.
9. Электр жабдууларын иштетип пайдалануунун кепилдик мөөнөтүнүн ичинде майлар менен бардык операциялар (толуктоо, алмаштыруу, кошумчаларды киргизүү ж.б.) электр жабдууларын завод-чыгаруучу менен макулдашылууга тийиш.
10. 2-таблицада көрсөтүлбөгөн трансформатордук майлардын жаңы үлгүлөрн колдонуу зарыл болгон учурда аларды пайдалануу жана аралаштыруу тартиби, май толтурулган электр жабдууларын завод-чыгаруучу жана (же) адистештирилген эксперттик уюм тарабынан аныкталышы (макулдалышы) керек.
§ 3. Майларды аралаштыруунун тартиби.
11. Аралаштыруу үчүн арналган жаңы майлар ченемдик иш кагаздардын талаптарына жооп бериши керек.
12. МЭК 60296:2012 эл аралык спецификациясына ылайык атайын арктикалык майларды (АГК,МВТ,МВ) башка трансформардук майлар, ошондой эле ата мекендик жана импорттук ар кандай класстагы трансформатордук майлар менен аралаштырууга жол берилбейт.
13. Ушул тиркеменин 12-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, 2-таблицада келтирилген трансформатордук майларды каалаган катышта аралаштырууга жол берилет.
14. Ар кандай колдонуудагы майларды аралаштырууда (2-таблицаны караңыз) аралашманы эң төмөнкү чыңалуу классындагы электр жабдууларында гана колдонууга болот. Электр жабдууларына куюуга арналган даярдалган майлардын аралашмасынын сапаттык көрсөткүчтөрү ушул жетектөөчү иш кагаздын 1-тиркемесинин 1-таблицасынын талаптарына жооп бериши керек.
2-тиркеме
(Сунушталат )
Негизги технологиялык жабдуулардын тизмеси,
алеттер, жабдуулар жана колдонулган материалдар
трансформаторлорду орнотууда
3 таблица.
Орнотуу учурунда колдонулган жабдуулар жана алеттер
№ п/п | Көрсөткүчтүн аталышы | Жабдууларга талаптар | |
1.Трансформордук майын кайра иштетүүчү жабдуулар | |||
1
| Трансформатордук майын кайра иштетүү үчүн орнотуу (газсыздандыруучу орнотмо) | Жылытуу, газсыздандыруу, чыпкалоо менен кургатуу иш тартибининде кубаттуулугу 3м3/сааттан кем эмес; Көлөмдүү газдын курамы 0,1% ашпайт Суунун массасы 0,001% ашпайт (10г/т) Чыпканын жукалыгы 5 мкм ден ашпайт; Чыгуучу майдын эн жогорку температурасы 363K (90°C); Май жылыткычтын кубаттуулугу 120 кВттан кем эмес. | |
2 | Кургатуу агрегаты жана чыпкалоо (цеолит орнотмо)
| Өндүрүмдүүлүгү, м3/саат, кем эмес: кургатуу жана чыпкалоо иш тартибинде - 1,2; жылытуу жана чыпкалоо иш тартибинде - 3,6; Бир кайра иштетүү цикли үчүн чыгуучу жайдагы суунун массасы массадан 0,0005% ашпайт (5г/т); Бир иштетүү цикли үчүн механикалык аралашмалардын массасы массадан 0,0005% ашпайт (5г/т). | |
3. | Цеолитти калыбына келтирүүчү орнотмо | Кургак абанын өндүрүмдүүлүгү 100 м3/сааттан кем эмес; Кургатылган абанын шүүдүрүм температурасы 223К (минус 50°С) жогору эмес, кургатылган абанын басымы 0,08 МП ашык эмес. Цеолиттин регенерация (калыбына келтирүү) убактысы 7 сааттан ашпайт.Чыгуучу жерде ысытылган абанын температурасы 673 К (400°С) дан төмөн эмес. | |
4 | Май ысыткыч | Кубаттуулугу 120 кВттан кем эмес. | |
5 | Жука май чыпкасы | Чыпкалоонун жукалыгы 5мкмден кем эмес; | |
6 | Борбордон четтөөчү электрсоргуч | Өндүрүмдүүлүгү 50м3/сааттан кем эмес чыгуучу басымдан 80кПа кем эмес
| |
7 | Тиштүү электрсоргуч | Өндүрүмдүүлүгү2,5м3/сааттан кем эмес Чыгуучу басымдан 0,3МПа(3кг/см2)ден кем эмес. | |
2.Трансформаторлордубоштукта иштетүү үчүн жабдуулар | |||
8 | Аба соргучтар | Өндүрүмдүүлүгү75 л/с кем эмес;133 Па ашпаган калдык басым түзүлгөн | |
9 | Бууну тоңдургуч кармагычы бар абаны калтырбай соргон соргуч | 26-60 Па калдык басымда буу-газ аралашмасын сордуруунун ылдамдыгы 400 л/с кем эмес; Кирүүчү түтүк жабылганда калдык басым 2,6 Па ашпайт.
| |
3. Трансформаторлордун каптамасы нымдуулуктан коргоо жана жылытуу үчүн жабдуулар | |||
10 | Түзөткүч орнотмосу | Туруктуу агындын чыгышы 500А ден көп | |
11 | Абаны кургатуучу орнотмо | Кургатылган абанын шүүдүрүм температурасы 223К (минус 50°С) жогору эмес; Кургак абанын өндүрүмдүүлүгү 100 м3/сааттан кем эмес. Чыгуу басымы 30 кПа кем эмес. | |
4. Оромдорду кысуу учун жабдуулар | |||
12 | Гидропривод жыйнакталган куралган | Жумушчу басымы, МПа, аз эмес: түртүү чубалгысында төмөнкү басым - 4; Түртүү чубалгысында жогорку басым – 50. | |
13 | Гидро домкраттар (4-8 даана) жогорку басымы бар ийкем түтүктөр(5 даана) жана бөлүштүрүүчү куту менен | Жумушчу поршень диаметри 85-130мм; домкрат тарабынан түзүлгөн технологиялык күч; жумушчу суюктуктагы басымга туура келген 35 МПа, 17 тф кем эмес; Ийкем түтүктүн узундугу 10 м кем эмес.
| |
5.Башка жабдуулар | |||
14 | Ири өлчөмдөгү буюмдарды көтөрүү үчүн комплекстүү жыйнакталган гидропривод | Жумушчу басымы 50 МПа кем эмес; жумушчу суюктук менен камсыз кылуу 2-5л / мин; Домкратты көтөрүү кубаттуулугу 100т кем эмес; кеминде 400t жалпы жүк көтөрүмдүүлүгү.
| |
15 | Трансформатор менен иштеген кол чырак | Берүү чыңалуусу 12 В. | |
16 | Көтөрүүчү жабдуулар жана такелаждар | Жабдуулардын салмагына жараша. | |
6. Алеттер | |||
17 | Трансформатордук майын сыноочу алеттердин жыйнактары | Майдын мүнөздөмөлөрү 1-тиркемеге ылайык аныкталсын | |
18 | Трансформаторду сыноочу алеттердин жыйнактары | 11-бөлүмгө ылайык өлчөөлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзүү | |