КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VII-чакырылыш) жыйналышынын
2021-жылдын 17-майы № 1/2
Кара–Кочкор айылдык округунун Кеңешинин төрагасын шайлоону уюштуруу үчүн эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана иш милдеттерин бөлүштүрүү жөнүндө
Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын курамы жана иш милдеттерин бөлүштүрүлүшүн талкуулап Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара–Кочкор айылдык округунун Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын төрайымы Кара–Кочкор айылдык округтук Кеңештин депутаты Молдобаева Светакан, катчысына Кара –Кочкор айылдык округтук Кеңештин депутаты Маматаева Анара, мүчөсү Кара–Кочкор айылдык округтук Кеңештин депутаты Абдырахманов Бекболот бекитилсин.
2. Эсептөө комиссиясынын төрайымына жалпы шайлоого көзөмөлдүк жүргүзүү, эсептөө комиссиясынын катчысына шайлоо бюллетендерин кол тамгаларын белгилеп таркатуу жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө урнага түшкөн бюллетендерди көзөмөлдөө милдеттери бөлүштүрүлсүн.
3. Кара–Кочкор айылдык округунун Кеңешинин төрагасын шайлоону уюштуруу жагы эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин жаш курагы уулу депутаты | И. Курманбаев |