КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кен-Арал айылдык аймактык кенешинин VIII – чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
2023-жыл 13-февралындагы № 2
Социалдык объектилерге жер бөлүштүрүү боюнча
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн карамагындагы жер аянттарына социалдык объект курууга уруксат берүү боюнча элдин билдирүүсүн угуп талкуулап, эл арасында бөлүнүп-жарылууну токтотуу максатында депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу башталгыч мектептин түндүк тарабындагы 0,24га жери, УДТ эски имаратынын кун батыш тарабындагы 0,15га жери, Б. Темирбековго тиешелүү болгон эски “Эмгектеги” 0,16га жери жана социалдык объект курууга деп калтырылган №232 чөйрө сызыгындагы 3,60га жерлери социалдык объект курууга жактырылып, уруксат берилсин.
2. Токтомдун талаптарын аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б.Токонов |