Редакцияот 13.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Кен-Арал айылдык аймактык кенешинин VIII – чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы

 

2023-жыл 13-февралындагы № 4

 

Социалдык объектилерге бөлүнгөн жер аянтын трансформациялоо боюнча

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн карамагындагы социалдык объект курууга калтырылган жер аянтын трансформациялоо максатында депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу №232 чөйрө сызыгындагы 0,50га айыл чарба багытындагы жайыт жер категориясынан, калктуу конуш жер категориясына “бала бакча” куруу үчүн трансформациялоого уруксат берилсин.

 

2. Токтомдун талаптарын аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Б.Токонов