Редакцияот 13.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Кен-Арал айылдык аймактык кенешинин VIII – чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы

 

2023-жыл 13-февралындагы № 5

 

Кең-Арал айылындагы соода түйүндөрүндөгү спирт ичимдиктерине тыюу салуу жөнүндө

Кең-Арал айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылуусун канааттандыруу максатында жана айылдын элине, жаш муундарга туура тарбия берүү, терс таасирин тийгизбөө жана кылмыштуулукту алдын алуу, болтурбоо максатында айылдын ичиндеги соода түйүндөрүндөгү спирт ичимдиктерин саттырбоо боюнча депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кең-Арал айыл аймагына караштуу соода түйүндөрүндө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.

 

2. Токтомдун талаптарын аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Б.Токонов