Редакцияот 01.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык аймактык кеңешинин 9-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №15-сессиясы

 

2023-жылдын 01-мартындагы № 3

 

Комиссия курамын түзүү жөнүндө

Шекер айыл аймагындагы “Күркүрөө“ маданий үйүндөгү жана Төрөкул Айтматов орто мектебиндеги эскилиги жеткен теректер коопсуздук жаратып жаткандыктан кыркуу боюнча токтом кылат

 

1. “Күркүрөө“ маданий үйүнөн 23 түп терек жана Төрөкул Айтматов орто мектебинен 30 түп эскилиги жеткен теректер кыркылсын.

 

1. Мамлекеттик экологиядан уруксат алынсын.

 

2. Теректерди сатуу мыйзам чегинде конкурс өткөрүлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Э.Иманалиев