Редакцияот 17.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

 

2024-жылдын 17-майы № 60

Баткен шаарынын М.Кадыр жана Б.Ходжаев көчөлөрүнүн

кесилишиндеги 1320 м2 ээсиз  бош турган жер аянтын Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктин карамагына кабыл алуусуна макулдук берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамынын 3-статьясынын 8; 13- пунктарына, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылдын 17-майындагы №02-6/332 кызматтык катына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   XXV сессиясы Токтом кылат:

 

1. Баткен шаарынын М.Кадыр жана Б.Ходжаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1320 м2 ээсиз бош турган жер аянты, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктин карамагына кабыл алынсын.

2.Аталган жер аянтын муниципалдык  менчиктин карамагына  кабыл  алуу жагы Баткен шаарынын мэриясына /И.Бураканов/ тапшырылсын.

3.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү  үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

 

А.Аширов