Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүүпрограммасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы№ 390-т тескемесине)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы № 390-т тескемесине)
Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүү ПРОГРАММАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүү программасы (мындан ары - Программа) алардын ишкердик демилгелерин өнүктүрүү үчүн пайызсыз кредит берүүнүн шарттарын жана механизмдерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө" токтомунун алкагында социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучулары (мындан ары - социалдык контракттын катышуучулары) пайызсыз кредиттөөнүн субъекттери болуп саналат.
3. Программанын максаты социалдык контракттын катышуучуларына кошумча жеңилдетилген ресурстарды берүү, тактап айтканда социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын алкагында (мындан ары - социалдык контракт) мурда алынган каражаттар менен уюштурулган бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү, колдоо үчүн пайызсыз кредиттерди берүү болуп саналат.
4. Программаны ишке ашыруу мөөнөтү - 36 ай.
5. "Айыл банк" ААКтын жана "Элдик Банк" ААКтын (мындан ары - Банктар) өздүк каражаттарынан пайызсыз кредиттерди (мындан ары - кредит) берүү үчүн Программанын бюджети 200000000,0 (эки жүз миллион) сомду түзөт.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кредиттерди жайгаштыруу жана пайызсыз пайыздык ставкалар боюнча каржылоо үчүн тийиштүү жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынан Банктардын чыгымдарын субсидиялайт.
7. Программаны ишке ашыруунун башталышы - 2024-жылдын июлу.
8. Жооптуу аткаруучулар: Банктар, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары - КР ЭСКММ), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - КР ФМ).
2. Программанын сыпаттамасы
9. Программаны ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын ичинде пайызсыз кредиттик каражаттар коммерциялык максаттарга киреше алып келүүчү ишти өнүктүрүү үчүн социалдык контракттын катышуучуларына берилет.
10. Программанын алкагында кредиттер социалдык контракттын катышуучуларына (катышуучулардын тизмеси КР ЭСКММ тарабынан түзүлөт) тиешелүү Банкка арыз берген учурга карата 6 айдан кем эмес экономикалык иштин субъекти болуп саналгандарга (жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн негизинде же жеке ишкердик иш\жеке эмгек иши үчүн патенттин негизинде) берилет. Ушул Программанын алкагында кредиттик каражаттар социалдык контракттын катышуучуларынын иштеп жаткан киреше алып келүүчү ишин өнүктүрүүгө бөлүнөт.
11. Социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз кредиттерди берүүнүн тартиби ушул Программанын талаптарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына жана Банктардын ички ченемдик документтерине (мындан ары - ИЧД) ылайык жүзөгө ашырылат.
12. Банктар социалдык контракттын катышуучуларынын пайызсыз кредиттерди алууга өтүнмөлөрдү кароо өтүнмө берилген күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде ушул Программада көрсөтүлгөн документтердин толук пакетин милдеттүү түрдө тиркөө менен ишке ашырат.
13. Бул Программаны ишке ашырууну жалпы координациялоону КР ЭСКММ жана/же анын аймактык/ведомстволук бөлүмдөрү ишке ашырат.
14. Программанын алкагында Банктардын ишине жалпы контроль Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүзөгө ашырылат.
15. Зайымчы тарабынан кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу контроль Банктар тарабынан жүргүзүлөт. Банк берилген кредиттерди кайтаруу боюнча тобокелдиктерди өзүнө алат.
3. Пайызсыз кредит берүүнүн шарттары
16. Программанын катышуучуларына кредит берүү төмөнкү шарттарда жүзөгө ашырылат:
1) кредиттин суммасы - 200000,0 (эки жүз миң) сомго чейин (кошо алганда);
2) кредит берүү мөөнөтү - 36 айга чейин;
3) акыркы пайыздык ставка - 0% жылдык;
4) субсидиялоонун ставкасы - 4,0% жылдык;
5) камсыздоо:
- 10000 сомдон 100000 сомго чейин - кепилдиксиз жана күрөөсүз;
- 100001 сомдон 200000 сомго чейин (кошо алганда) - 1 адамдын кепилдиги жана/же кыймылдуу мүлк жана/же кыймылсыз мүлк;
6) жоюу графиги - ай сайын бирдей үлүштөр менен;
7) жеңилдетилген мезгил - 3 (үч) ай;
8) кредит максатсыз пайдаланылган учурда кредитти мөөнөтүнөн мурда толук жоюу кредитти максатсыз пайдалануу актысы түзүлгөн учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат же кредит боюнча пайыздык ставка кредитти максатсыз пайдалануу аныкталган күндөн тартып Банктын өздүк ресурстарынан берилүүчү, Банктын колдонуудагы кредиттик продуктуларынын пайыздык ставкаларына ылайык белгиленет;
9) алынган кредиттик каражаттарды зайымчылардын башка колдонуудагы кредиттерин кайра каржылоого багыттоого тыюу салынат;
10) социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит алуу үчүн документтердин тизмеги:
- "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы (мындан ары - "Түндүк" ЭВӨС) жеке маалыматтар жөнүндө маалыматтарды алууга макулдук берүү;
- зайымчынын жана жубайынын паспортунун көчүрмөсү;
- зайымчынын никеге туруу/ажырашуу жөнүндө күбөлүгүнүн, жубайынын каза болгондугу жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- кепилдик берүүчүнүн/күрөө берүүчүнүн жана жубайынын паспортунун, никеге туруу/ажырашуу жөнүндө күбөлүгүнүн/кепилдик берүүчүнүн/күрөө берүүчүнүн жубайынын каза болгондугу жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү, "Түндүк" ЭВӨСтөн жеке маалыматтарын алууга макулдук берүү;
- 3 айдан кем эмес ишкердик (эмгек) ишин жүргүзгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- салыктык каттоо жөнүндө/салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалымкат;
- күрөө берилген учурда күрөөгө коюлуучу документтер.
17. Айыл чарбасын өнүктүрүү багыты боюнча зайымчылар үчүн (кошумча):
1) малдын башын көрсөтүү менен "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасынан маалымкат же мал башын көрсөтүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен (жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы) маалымкат;
2) жеке көмөкчү чарбасы үчүн курулуштары бар кардарлар боюнча милдеттүү түрдө фотосүрөттөрүн бекитүү менен чыгууга.
Зарыл болгон документтер "Түндүк" ЭВӨС аркылуу алууга мүмкүн болбогон учурда кагаз түрүндө суралат.
18. Зайымчынын акыркы 36 ай ичинде мурда пайдаланылган кредиттер боюнча мөөнөтү өткөрүүнүн саны 60 күндөн ашпоого тийиш (негиздүү себептер болгон учурда). 60 күндөн ашык мөөнөтү өткөндө Covid-19 пандемиясынын жана/же 2022-жылдагы Ош жана Баткен облустарындагы окуялардын учурунда келип чыккан мөөнөттөрдүн өтүүсүн кошпогондо, өтүнмөлөр четке кагылат, мындай учурлар жагдайга жараша жекече каралат.