Редакцияот 06.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IХ чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын

 

2024-жылдын 06-июну №27-9-1

 

Майлуу-Суу шаарынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Энергетика министирлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго”мамлекеттик мекемесинин балансындагы мүлктөрдү Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп алууга макулдук берүү жѳнүндѳ.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 03.04.2024-ж. №89 Жарлыгынын негизинде, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 24.04.2024-ж. чыг.№01-14/270 кайрылуу катын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX-чакырылышынын кезексиз XXVII-сессиясы 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Майлуу-Суу шаардык мэриясынын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

 

2.     Майлуу-Суу шаарынын аймагында жайгашкан “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик мекемесинин балансындагы мүлктөрдү Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп алууга макулдук берилсин.

 

  1. Мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда Кырыгыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Шаардык Кеңешинин төрагасы:

Н.Бостонов