Редакцияот 06.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын

2024-жылдын 06-июну № 27-9-2

 

Майлуу-Суу шаарынын М.Конгантиев (Мира) көчөсүндө жайгашкан мурдагы китеп дүкөнүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты катто департаментинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 08.04.2024-ж. № 01-12-28 кайрылуу катын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, талкуулап чыгып депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы 

           

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
  2. Майлуу-Суу шаарынын калкына шарт түзүү тактап айтканда калкты тейлөө борборун ачуу максатында Майлуу-Суу шаарынын М.Конгантиев (Мира) көчөсүндө жайгашкан мурдагы китеп дүкөнүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты катто департаментинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
  4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Шаардык Кеңешинин төрагасы:

  Н.Бостонов