Редакцияот 03.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

 

2024-жылдын 3-апрели № 41

 

Баткен шаарынын желегин жана гербин жаңы редакцияда

кабыл алуу  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын жана Баткен шаардык Кеңешинин биргелешкен туруктуу комиссияларынын корутундуларынын, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 20-мартындагы №01-12/1068 катынын  негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы токтом кылат:

           

1 Баткен шаарынын желеги жана герби жаңы редакцияда кабыл алынсын.

(кабыл алынган желектин жана гербтин эскиздери тиркелет)

2.Шаардын символикалары шаардын аймагындагы бардык мекеме-ишканалардын, көрүнүктүү жерлерине орнотулуп, шаардын маданий иш чараларында шаардын гимни  уктурулсун.

3.Шаар калкына Баткен шаардык Кеңештин расмий сайты жана социалдык баракчалар  аркылуу жеткирилсин.

4.Кабыл алынган желек жана гербдин авторлоруна кызматтык  төлөм акылары Баткен шаарынын мэриясынын резервдик фондунан төлөнүп берүү жагы белгиленсин.

5.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук  юстиция башкармалыгына  жиберилсин.

6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Мурзалиевага жүктөлсүн

 

Төрага

  А.Аширов