Редакцияот 03.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

 

2024-жылдын 3-апрели № 41

 Баткен  шаарынын  Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын   М.Салихов көчөсүндөгү Айдарова Зулфинисо Раджаповнанын 0,07 га  өлчөмүндөгү “Айыл чарба”  зонасындагы, жер аянтын  Ц-2 “жергиликтүү коммерциялык активдүүлүк жана кызмат көрсөтүү” зонасына которууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы  №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери жөнүндө” 2006-жылдын 29-марттагы №13 Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун 22-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында   Баткен шаарынын  мэриясынын 2024-жылдын 12-марттагы №Ж-196  катынын,    Баткен шаардык Кеңешинин  Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 20-марттагы №70  корутундусунун  негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз    XXIV сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен  шаарынын Кызыл-Дөң   аймактык башкармалыгынын   М.Салихов  көчөсүндөгү Айдарова Зулфинсо Раджаповнанын 0,07 га   өлчөмүндөгү “Айыл чарба”  зонасындагы, жер аянтын   Ц-2 “жергиликтүү коммерциялык активдүүлүк жана кызмат көрсөтүү” зонасына которууга макулдук берилсин.

2.Айдарова Зулфинсо Раджаповнанын   жер аянтынына  керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.

3.Шаар калкына Баткен шаардык Кеңештин расмий сайты жана социалдык баракчалар аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү  үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

  А.Аширов