Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

2023-жылдын 11-августу № 24-1

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Алмалык бөлүмүнүн тургуну Кадирова Орозгүл Пайизовнанын арызын канааттандыруу максатында

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Алмалык айылынын тургуну Кадирова Орозгүл Пайизовнанын жеке менчигиндеги “Ч” №1200126 мамлекеттик актысындагы турак жай багытындагы 0,08га жер аянтын бала бакча багытына өзгөртүп берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып Т. Зулпуев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Алмалык бөлүмүнүн тургуну Кадирова Орозгүл Пайизовнанын жеке менчигиндеги “Ч” №1200126 мамлекеттик актысындагы турак жай багытындагы 0,08 га жер аянтын бала бакча багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Бакиров