Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 11-августу № 24-2
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Атамерек айылынын Б. Атишов атындагы орто мектебине тиешелүү болгон 2,46 га жер аянтынын ичинен 1196 чарчы метр жер тилкесине жаңы типтеги кичи футбол аянтча куруу жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Б. Атишов атындагы орто мектебинин директорунун 2023-жылдын 8-августундагы сураныч катын карап чыгып Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылындагы Б. Атишов атындагы орто мектебине тиешелүү болгон 2,46 га жер аянтынын ичинен 1196 чарчы метр жер тилкесине жаңы типтеги кичи футбол аянтча курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |