Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 11-августу № 24-4
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Таштак айылынын айыл башчысынын сунуш катын кароо жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Таштак айылындагы мазардын толгондугуна байланыштуу Алмалык участкасындагы жайыттан кайрак 3,13га жер тилкесин мазар кылууга уруксат берүү максатында Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Алмалык бөлүмүнүн жайыт жериндеги кайрак жерди 3,13га жер аянтын Таштак айылына мүрзө кылууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |