Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 11-августу № 24-5
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Маданият үйүнө Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, кино актёр, режиссёр Токтош Абыкеевдин ысымын берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 10.08.2023-жылдагы №01-41/1370 сандуу чыгыш катынын негизинде Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндөгү Маданият үйүнө Токтош Абыкеевдин ысымын ыйгаруу максатында Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясында карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Маданият үйүнө Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү кино актёр, режиссёр Токтош Абыкеевдин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин маданият, билим берүү спорт, жаштар, саламаттыкты сактоо, миграция жана социалдык коргоо ММК боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М. Бакиров |