Редакцияот 29.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 29-апрели № 24

 Орозбеков айыл аймагынын Күлдү айылынын Бостон калктуу конушуна  айыл статусун берүү жөнүндө.

 

 

 

 

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын                       “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын  31-беренесинин 9-пунктуна ылайык Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.  Орозбеков Айыл аймагынын Күлдү айылынын Бостон калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча иш кагаздары айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарына сунушталсын.

2.  Мамлекеттик төлөмдөрдү камсыз кылуу жагы жергиликтүү бюджет эсебинен, бөлүнгөн беренелерге ылайык жүргүзүлсүн.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин Бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Бактыбаев