ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 29-апрели № 26
Тамаша айылынан почта байланыш бөлүмүнүн филиалын курууга жер аянтын ажыратуу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Тамаша, Көтөрмө айылдарынын айыл башчысынын баяндамасын угуп, “Кыргыз почтасы ААК нун Кадамжай райондук филиалынын 2024-жылдын 23-майындагы чыгыш №2-269 сандуу катына негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Тамаша айылындагы А.Камбаров атындагы орто мектебинин жанындагы 0.2 га жер аянты “Кыргыз почтасы” ААК на почта байланыш бөлүмү үчүн имарат курууга ажыратылып берилсин.
- Жерди мыйзам чегинде ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Мажитовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жер жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |