Редакцияот 06.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз

XXVII сессиясынын

2024-жыл 06-июну № 27-9-3

 

Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш Аймактык башкармалыгында жайгашкан жайкы кинотеатрын 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижара акысыз колдонууга макулдук берүү

 

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 29.04.2024-ж. № 01-05/308 кайрылуу катын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IⅩ чакырылышынын кезексиз ⅩⅩⅤII сессиясы 

 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын Көк-Таш АБ тургуну П.Ч.Ырысбаевтин маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

 

  1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына, муниципалдык обьекттерди сактап калуу жана техникалык калыбына келтирүү максатында, Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш Аймактык башкармалыгында жайгашкан жайкы кинотеатрын, ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштерин жана сарпталган акча каражат чыгымдарын эске алуу менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижара акысыз колдонууга макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 Шаардык Кеңештин төрагасы:

Н.Бостонов