Редакцияот 29.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 29-апрели № 27

 

Көтөрмө айылдык кеңешиин 15.05.2023-жылдагы кезексиз жыйырма бешинчи сессиясынын №25/2 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

 

 

 

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана  Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин  регламентинин 38-главасынын 3-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Көтөрмө айылдык кеңешиин 15.05.2023-жылдагы кезексиз жыйырма бешинчи сессиясынын №25/2 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор киргизилип, Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Тамаша айылындагы дыйкандары менен өткөрүлгөн чогулушунун чечими аткарууга алынсын.
  2. Тамаша айылынын Алыш участкасында жайгашкан жалпы аянты2(эки) га болгон суткалык жөнгө салуу бассейини(СЖСБ)  мамлекеттик менчикке алынып, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  3.  Токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдап, суткалык жөнгө салуу бассейинин(СЖСБ)   Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүп берүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Бактыбаев