ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 29-апрели № 28
Өндүрүш айылынан мүрзөгө жер аянтын ажыратуу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 10-беренесинин 1-3-пункутуна жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Өндүрүш айылынан 5 га жер аянтын жайыт жеринен өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына которуу жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.
- Которулган жер аянты мүрзө багытында пайдаланылсын.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Орозбеков айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Мажитовго тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |