Редакцияот 06.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын

2024-жыл 06-июну № 27-9-4

 

Майлуу-Суу шаардык Балдар-өспүрүмдөр мектебинин мекемесин убактылуу Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 30.04.2024-ж. № 01-05/320 кайрылуу катын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IⅩ чакырылышынын кезексиз  ⅩⅩⅤII сессиясы 

           

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

 

  1. Майлуу-Суу шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (ДЮСШ) имараты, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин балансына өткөндүгүнө байланыштуу, Балдар-өспүрүмдөр мектебинин мекемесин убактылуу балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына жана шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Шаардык Кеңешинин төрагасы:

Н.Бостонов