Редакцияот 29.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 29-апрели № 31

 Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз музей-комплексинин реконструкциялоого каражат кароо жөнүндө.

 

 

 Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Орозбеков айылдык Кенешинин сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине негиз Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1.  Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин сунушу менен Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз музей-комплексин реконструкциялоо иштерине айыл өкмөттүн бюджетинен 500 000(беш жуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Тиешелүү каражатты бөлүп берүү айыл өкмөттүн чарба башчысы З. Максутовго милдеттендирилсин.
  3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Бактыбаев