Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 11-августу № 24-8
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки билим берүү тармагына балдарга тамак-аш үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн “Алмалык”, А. Нарматов атындагы “Кашкалдак”, “Үмүт-Нуру” мектепке чейинки билим берүү тармактарынын жаңы имараттары курулушу бүтүп, ишке түшкөндүктөн жаңы тайпа ачылгандыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттен балдарга тамак – аш үчүн акча каражатын бөлүп берүү максатында Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу “Алмалык” балдар бакчасына 79 200 (жетимиш тогуз миң эки жүз), Азим Нарматов атындагы “Кашкалдак” балдар бакчасына 150 480 (бир жүз элүү миң төрт жүз сексен) “Үмүт-Нуру” балдар бакчасына 79 200 (жетимиш тогуз миң эки жүз) сом жалпы 308 880 (үч жүз сегиз миң сегиз жүз сексен) акча каражаты балдарга тамак- аш үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки билим берүү тармагына балдарга тамак аш үчүн бөлүнгөн акча каражаттын туура пайдаланууну көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Д. Тажибаевге ал эми которуу жагы ФЭБ башчысы Алимжан уулу Нуралиге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапширылсын.
Төрага | М. Бакиров |