Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин
2025-жылдын 11-сентябрындагы № 05/2-17/226 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 15-майы № 04-13/151
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине
караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют
департаментинин алдындагы “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу (мындан ары – Министрлик) Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин алдындагы “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасынын Уставы ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Министрликтин репутацияны башкаруу бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Министрликтин чечимдерин ишке ашыруу башкармалыгы:
– буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн бул буйруктун көчүрмөсүнжарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук турдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Министрликке караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо мал чарба тармагын тейлеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр |
| Б.Э. Торобаев |
Министрликтин
2024-жылдын “___” ________
№___________ буйругуна
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин алдындагы “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасынын
УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин алдындагы “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат.
4. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин алдындагы “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасы”;
- расмий тилде: «Кыргызгосплемзавод» при Департаменте племенного животноводства, пастбищ и кормов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
– мамлекттик тилде: “Кыргызмамасылтукумзаводу” МИ;
– расмий тилде: ГП «Кыргызгосплемзавод».
5. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
6. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
7. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары болот.
8. Ишкана Ишкананын милдеттенмелери боюнча кепилдик алган учурларды тышкары, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
10. Ишкананын өкүлчүлүктөрүн жана филиалдарын түзүүнү Ишкана жүзөгө ашырат.
Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары Ишкана бекиткен жоболордун негизинде иштешет.
Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толугу менен жооп берет.
Мамлекеттик ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Фрунзе айылы, Разное көчөсү, 5.
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын максаты селекциянын жана асылдандыруу ишинин заманбап методдорунун негизинде жогорку өндүрүмдүү асыл тукум малды жана жаш малды көбөйтүүнү уюштуруу болуп саналат.
13. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: