ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 29-апрели № 35
Орозбеков айылынын Жоокесек-Коргон участкасындагы тротуардын курулуш иштерине каражат кароо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине негиз Орозбеков айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
- Орозбеков айылынын Жоокесек-Коргон участкасындагы тротуардын курулуш иштерине айыл өкмөттүн бюджетинен 1 200 000(бир миллион эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Тиешелүү каражатты бөлүп берүү айыл өкмөттүн чарба башчысы З. Максутовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |