Редакцияот 29.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 29-апрели № 37

 Айыл өкмөттүн келишим менен иштеген кызматкерлерине компенсация төлөө жөнүндө.

 

 

 

  Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн чарба башчысынын баяндамасын угуп, Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

 

  1. Айыл өкмөттүн келишим менен иштеген кызматкерлерине 2024-жылдын экинчи жарымында компенсация төлөп берүү максатында айыл өкмөттүн бюджетинен 363328 ( үч жүзалтымыш үч миң үч жүз жыйырма сегиз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Тиешелүү каражатты бөлүп берүү айыл өкмөттун чарба башчысы З. Максутовго милдеттендирилсин.
  3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Бактыбаев