ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 29-апрели № 22
Өндүрүш айылындагы “Күлдү” ФАП нун полун жылуулоого каражат кароо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Өндүрүш айылындагы “Күлдү” ФАП нун полун жылуулоого айыл өкмөтүнүн бюджетинен 150 000(бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Тиешелүү каражатты бөлүп берүү айыл өкмөттүн чарба башчысы З. Максутовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |