Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма жетинчи сессиясынын
2024-жылдын 10-январы № 27-4
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга карата божомол бюджетин бекитүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин сессиясында айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын 4-беренесинин 3 пунктуна ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга карата өндүрүүмдүүлүгүн түзгөн жайыт акысы 507000 (беш жүз жети мин) сом болуп бекитилсин. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чыгаша бөлүгүн 507000 (беш жүз жети мин) сом болуп бекитилсин. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт акысына төгүлгөн акча каражаты кайрадан толугу менен кайтарып берилсин.
(№1 тиркеме тиркелет).
2. 2024-жылга карата кабыл алынган бюджеттин аткарылышын максаттуу пайдалануу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Арапов Азиретке милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |
| Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезектеги жыйырма жетинчи сессиясынын № 27-4 токтомуна № 1 тиркеме |
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга болжолдуу кирешеси.
(мин сом)
№ | Киреше булактары | божомол |
1 | “Альфа телеком” уюлдук ишканасы | 156 000 |
2 | “Терра” уюлдук компаниясы | 96 000 |
3 | “Нур телеком” мобилдик станциясы | 69 000 |
4 | Жайытты кыйыр пайдалануучулар | 45 000 |
5 | Жайытка баруучу шарттуу мал башынан | 141 000 |
Бардыгы: | 507 000 | |
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга болжолдуу чыгашасы.
№ | Чыгаша бөлүгү | божомол |
1 | Эмгек акы | 311 800 |
2 | Соц.фондго чегерүү | 53 800 |
3 | Канцелярдык буюмдар | 4000 |
4 | Инфраструктура | 128 400 |
5 | Жана башка чыгымдары | 9000 |
Бардыгы: | 507 000 | |
Катчы | Ж.Аркозиева |