Редакцияот 29.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 29-апрели № 42

             Көтөрмө айылына сугат суу тартып келүүгө каражат кароо жөнүндө.

 

   Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын  27-беренесине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Көтөрмө айылынын ичине сугат суу тартып келүүгө түтүк сатып алууга  айыл өкмөтүнүн бюджетинен 150 000(бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Тиешелүү каражатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн чарба башчысы                З. Максутовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Бактыбаев