Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма жетинчи сессиясынын
2024-жылдын 10-январы № 27-5
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетине балдар-бакчаларына тамак-ашка акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү учурунда Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктуна негиз так маалымат жок болгондуга байланыштуу тиешелүү мекеме-ишканалардын катышуусунда Т. Зулпуев айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3-пунктуна ылайык Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү учурунда Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктуна негиз так маалымат жок болгондуга байланыштуу 2023-жылдагыдай эле ар бир балага 18 сом өлчөмүндө болуп, жалпысы 2534,4мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
.
2. Тамак-ашка бөлүнгөн акча каражаттары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |