Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясынын
2024-жылдын 13-февралы № 28-1
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевдин 12.02.2024-жылдагы №01-19/214 сандуу чыгыш катын кароо жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Кара-Кой айылынын тургундарынын турак-жайына тиешелүү жер аянттарына, Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 21.12.2022-жылдагы Кара –Кой айылындагы калктуу конуштун жерлери -10,30га, огород – 4,0га, мүрзөлөр – 1,50га, сугат айдоо -10,95га жалпысы 26,75 га жер аянты берилген №01-18/704 санду чыгыш катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-март 1992-жылдагы №82-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат районунун “Кыргы-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-март 1992-жылдагы №82 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине сунуш берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |