Редакцияот 19.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясынын

 

2024-жылдын 13-февралы № 28-2

 

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Алмалык айылынын тургундарынын атынан Маматов Кудайбердинин арызын кароо жөнүндө

 

 

      Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Алмалык айылынын тургундарынын жашап жаткан турак жерлерин Ош шаарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү арызын кезексиз 28-сессияда карап, талкуулап Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгынын 8-тиркемесинин 3-пунктундагы Алмалык айылынын аймактык тиешелүүлүгү боюнча каттоо эсебин Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев аймагында жүргүзүү сунушун эске алып, Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Алмалык айылынын тургундарынын жашап жаткан турак жерлерин Ош шаарынын балансына өткөрүп берүүдөн баш тартылсын.

 

2.Токтомдун көчүрмөсү маалымат иретинде Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

М. Бакиров