Редакцияот 19.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясынын

 

2024-жылдын 13-февралы № 28-3

 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Өсөр айылынын Калта-Кыркол бөлүмүндөгү тургундарынын атынан А.Кантөрөевдин арызын кароо жөнүндө

  

      Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Өсөр айылынын Калта-Кыркол бөлүмүндөгү жашап жаткан тургундардын турак жайларын мыйзамдаштырып мамлекеттик каттоого киргизүүдө маселе жаралып жаткандыктан ушул көчөгө Кантөрөев Жумаштын атын коюп берүү максатында айыл тургундарынын протоколунун негизинде кезексиз 28- сессияда карап чыгып Т.Зулпуев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Өсөр айылынын Калта-Кыркол бөлүмүндөгү көчөгө Кантөрөев Жумаштын атын коюп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.Тиешелүү иш кагаздарды кароо жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык этика, каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М. Бакиров