Редакцияот 19.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма тогузунчу сессиясынын

 

2024-жылдын 19-февралы № 29-1

 

Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн Атамерек айылындагы төрөткананын батыш тарабындагы №422-контурунда жайгашкан 1200чарчы метр жер тилкесине Ноокат райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын имаратын курууга макулдук берүү жөнүндө

  

     Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчисинин 08.02.2024-жылдын №01-3/135 сандуу катына негиз Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылындагы эски төрөткананын батыш тарабындагы №422-контурунда жайгашкан 1200чарчы метр жер тилкесин Ноокат райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын административдик имаратын курууга макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын 18-беренесин жетекчиликке алып Т. Зулпуев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылындагы эски төрөткананын батыш тарабындагы №422-контурунда жайгашкан 1200чарчы метр жер тилкесин Ноокат райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын административдик имаратын курууга макулдук берилсин.

 

2.Ушул токтомду аткарууга жана жетекчилике алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Бакиров