Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма тогузунчу сессиясынын
2024-жылдын 19-февралы № 29-3
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн административдик имаратына тиешелүү 0,587га жер аянтынын ичинен Ноокат райондук мамлекеттик архивине админстративдик кенсе куруу үчүн кошумча 0,1га (бир сотых) жер тилкесин жыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
16.02.2024-жыл. Ноокат райондук мамлекеттик архивинин башычы А. Акматжановдун Нокат райондук мамлекеттик архивине административдик кеңсе куруу үчүн кошумча 0,01га (бир сотых) жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн административдик имаратына тиешелүү 0,587га жер аянтынын ичинен 0,01га (бир сотых) жер аянтын ажыратып берүү максатында Кыргыз Республикасынын 18 беренесин жетекчиликке алып Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн административдик имаратына тиешелүү 0,587га жер аянтынын ичинен 0,01 га (бир сотых) жер аянтын Ноокат райондук мамлекеттик архивине имарат куруу үчүн ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчилике алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |