Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз отузунчу сессиясынын
2024-жылдын 6-мартындагы №30-1
Т.Зулпуев айылдык кеңешинин 4-апрель 2023-жылдагы №21-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Т.Зулпуев айылдык кеңешинин 4-апрель 2023-жылдагы №21-1 сандуу токтомундагы №662 контурундагы, айыл чарба багытындагы кайрак айдоо 1,50га (бир гектар элүү сотых) жер аянтын өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилген бирок жер аянтынын өлчөмү 1,50га эмес 1,20га (бир гектар жыйырма сотых)чыгып калгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-пунктун жетекчилике алып Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн Айбек айылынын Жаман-Адыр бөлүмүндөгү мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун №662-контрундагы, кайрак айдоо 1,20га (бир гектар жыйырма сотых) жер аянтын өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |